Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:49

АКШдагы президенттик шайлоого эки аптадай убакыт калды. АКШнын салттуу өнөктөштөрү катары эсептелген он өлкөдө шайлоо алдында жүргүзүлгөн сурамжылоолор алардын сегизинде калктын басымдуу бөлүгү сенатор Жон Керри азыркы президент Жорж Бушту жеңип чыгышын кааларын көргөздү. Эксперттер муну Жорж Буштун АКШ президенти катары тышкы саясаттагы бир тараптуулугу менен түшүндүрүшүүдө.

Сурамжылоо белгилүү гезиттер тарабынан Австралия, Британия, Канада, Франция, Израил, Жапония, Орусия, Түштүк Кореяда жүргүзүлгөн.

Вашингтондогу Карнеги фондунун эксперти Марина Оттовейдин айтымында, дүйнө калкы Жорж Буш президент катары тышкы саясатта бир тараптуу багытты карманып жатканына күбө болууда. Андай бир тараптуу багыт маселелерди чечкендин ордуна татаалдаштырып, алтурсун Американын өзү үчүн да проблемаларды жаратып жатат.

Бир тараптуулуктун мисалдары катары Ирактагы согушту гана эмес, АКШ президентинин глобалдык жылуулукту алдын алууну көздөгөн документ - Киото протоколун четке кагышын, Европа менен соодада болотко тарифтерди жогорулатышын, баллистикалык ракеталарга каршы келишимден чыгышын атоого болот. Карнеги фондунун эксперти Марина Оттовей:

-Европалыктар чын эле мындай абалды аңдап –биле албайт. Буш катаалдыктын үлгүсүн көргөзүүгө аракеттенгени менен бул Европада дурус кабыл алынган жок. Менимче алар балким Буш катаал боло аларын сезип жатышат, бирок ал көп учурларда кырдаалды жөнгө сала албаганы - факт.

Сурамжылоого тартылган он өлкөнүн ичинен Орусия менен Израилдин тургундарынын басымдуу бөлүгү гана Жорж Буштун кайра шайланышын кааларын айтышкан. Марина Оттовей белгилегендей, израилдиктердин Бушту колдоосун түшүнүү кыйын эмес, бирок орусиялыктарды - татаалырак:

-Менимче Орусиянын окуясы бир аз кызыктай. Себеби Жорж Буш иш жүзүндө Орусия үчүн эч нерсе жасаган жок. Бирок АКШ президенти Орусиянын Чеченстандагы проблемаларды чечүү ыкмаларына карата сынчыл турумду карманбады. Башкача айтканда, Буш кандайдыр бир деңгээлде Чеченстандагы согуш - террорчулукка каршы согуштун бир бөлүгү жана орусиялыктар да АКШдай эле катаал болууга укугу бар деген жүйөөнү карманып келүүдө.

Израилдиктер Жорж Бушка артыкчылык берип жатышын түшүнүү жеңил экенин Вашингтондогу Жакынкы Чыгыш институтунун аналитиги Мурхаф Жуэжати да айтат. Ал белгилегендей Буш Израилдин премьер–министри Ариэль Шарон менен анын "Ликуд" партиясына колдоо көргөзүп жүрөт жана жөөт–палестин чатагын жөнгө салуу багытында натыйжалуу чараларды көрбөдү. Ошондой эле Буштун администрациясы "Жол картасы" деп аталган тынчтык планы ишке киргизилишин создуктуруп келди.

Ошол эле учурда израилдиктердин Жорж Бушту колдоосу алар сенатор Жон Керрини жактырбайт дегенди туюндурбайт. Жон Керри да айрым маселелерде Израилге колдоо билдирген. Израилдиктердин Бушка артыкчылык берип жатышы болсо, ал ошол колдоосун буга чейин далилдеп койгондугунда. Ал эми араб өлкөлөрүнүн перспективасынан караганда болсо, Жон Керринин администрациясы Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяны бир аз алдыга жылдырууну убада кылып жатат:

-Бул жалпысынан бирдей эле. Бирок менимче, бир айырма бар. Айырма - Жон Керри эларалык маселелерди көп тараптуу жол менен чечүүнү каалаганында. Буш болсо көп тараптуулукка караганда, бир тараптуу аракеттенүүгө артыкчылык берет. Мындан сырткары Буш эларалык мыйзамдар, Улуттар уюму аркылуу өтүүнү жактырбайт.

Бирок Мурхаф Жуэжати белгилегендей, Керринин көп тараптуулукту кармануусу Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу жараянында 90-жылдары президент Билл Клинтон жараткандай ийгиликтин болушуна кепилдей албайт. Анткени бийликке 93-жылы келген Билл Клинтон анда тынчтык жараянын АКШнын азыркы президентинин атасынан, улуу Жорж Буштан мурастап калган. Эгер Керри шайланса, ал үчүн мындай болбойт. Себеби кичүү Жорж Буш Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянын иш жүзүндө жок кылды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG