Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:23

ДАГЫ БИР КОМИССИЯ ТҮЗҮЛСӨ ЭЛЕ КОРРУПЦИЯ ТЫЙЫЛЫП КАЛБАЙТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Эларалык уюмдар кыргыз бийлигине коррупциянын тамырын кыркыш үчүн мыйзамдарды дүйнөлүк нормаларга ылайыктоону кеңеш кылышууда. Ал эми ЮСАИД, БУУнун өнүктүрүү программасы жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүүчү атайын комиссия зарыл деп санашат. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» агенттигинде ЕККУнун Бишкектеги өкүлү Маркус Мюллер өткөргөн маалымат жыйынында дайын болду.

Кыргызстан БУУнун коррупцияга каршы конвенциясына былтыр кол койгон. Азырынча ал парламенттин Эл өкүлдөр жыйынында ратификация боло элек. Абийирдүү башкаруу улуттук кеңешинин катчылыгынын кызматкери Каныбек Өмүралиев маалымат жыйында билдиргенге караганда, бул конвенция ичип-жегенден кийин чет өлкөдө жашынып жүргөн чиновниктерди кармаганга шарт түзөт.

Ковенцияга ылайык ага кирген мамлекеттерде, мисалы, Кыргызстандык кайсы бир чиновникти камап соттогонго мүмкүнчүлүк болот.
Жакында Ысыккөл жээгинде Эларалык уюмдардын катышуусу менен «тегерек үстөл» өткөн. "Коррупцияга каршы эларалык жана улуттук мыйзамдык куралдар аттуу" бул жыйында чет мамлекеттерден келген эксперттер Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшкөнгө мыйзамдык негиз жок деген бүтүмгө келишкен.

ЕККУнун Бишкектеги кеңесесин башкарган Маркус Мюллер "Кабар" агенттигинде билдиргенге караганда, жакында кабыл алынган "Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү" жана "Эсеп палатасы жөнүндө" мыйзамдардын кабыл алынышын эларалык коомчулук кубаттайт.

Ал эми Абийирдүү башкаруу кеңешинин катчысы Каныбек Өмүралиев билдиргенге караганда, мыйзамдагы жылчыктардан улам коррупциялык кылмыш менен кармалган күндө да сот жообунан кутулуп кеткен учурлар болууда.

Жакында мамлекеттик эки чоң чиновник казынанын акчасын өз кызыкчылыгына жумшаганы үчүн жоопко тартылды. Алар - Ысыккөлдүн мурдагы губернатору жана Майлысуу шаарынын мэри.

Каныбек Өмүралиев болсо парламент депутаттарына акаарат да айта кетти. Анын айтымында, биздин депутаттар чет өлкөнүн мыйзамдарын эле көчүрүп коюшат. Ошонун айынан коррупцияга каршы мыйзамдын мамлекеттик кызматкерлерге байланыштуу беренелери турмушта колдонулбай «өлүү» бойдон калууда.

Ал эми ЕККУнун Бишкек кеңсесин башкарган Маркус Мюллер Кыргызстан Македониянын тажрыйбасын пайдаланып, коррупцияга каршы атайын комиссия түзүшү керек деп санайт. Мюллер мырзанын айтымында, коррупциянын гүлдөп, мамлекет кризиске кептелгенде ушундай комиссия түзүлгөндөн кийин гана Македонияда жылыштар байкалган.

Быйыл Кыргызстанга эларалык бир нече эксперттер келип, эң башкы рекомендация катары ушул комиссияны түзүү зарылдыгын айтышкан:

- Негизги рекомендациялардын бири катары комиссия түзүү зарылдыгы айтылган. Ал комиссия 7-8 кишиден туруп, өкмөт тарабынан каржыланат жана өлкөнүн президентине баш ийет. Бул комиссия конкреттүү жана спецификалык маселелер менен иштемекчи,-деди Маркус Мюллер.

Маалымат жыйынында айтылган бир нече маселелерге макул эмес да саясатчылар арбын. Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөш көзүн жаап алып "мени тапкылачы" деген кичинекей балдардын ойнуна окшош дейт. Депутат Байболовдун пикиринде Кыргызстанда мыйзамдык база жетиштүү:

-Коррупцияга каршы бизде агенттик, анан комиссия дегендер жетиштүү түзүлбөдүбү. Дагы бир комиссия эмнени өзгөртө алмак эле!? Ал эми мыйзамдык негиз жетишсиз дегенибиз - уят го. Кылмыш кодексинде коррупциялык кылмыштар боюнча чоң бөлүм бар. Жадагалса Кыргызстанда коррупциялык иштер боюнча өзүнчө мыйзам бар. Коррупция каякта экенин, элдин акчасын кимдер жеп атканын бүтүндөй эл билет. Бизде коррупцияга каршы күрөш бактын жанына туруп алып көзүн жуумп алып, мени тапкылачы деп аткан баланы элестетет да,-дейт Кубатбек Байболов.

Кыргызстанда президенттин жарлыгы менен түзүлгөнүнө бир жыл толо элек Абийирдүү башкаруу боюнча улуттук кеңештин негизги мүдөөлөрүнүн бири коррупцияга бөгөт коюу. Улуттук кеңештин астында 25 кишиден турган консультативдик кеңеш иштеп жатат. Жакында болсо Мамлекеттик кызмат боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү.

Каныбек Өмүралиев белгилегендей, кыргыз өкмөтү эларалык эксперттердин ар бир рекомендациясын жерге калтырбай келатканы чын болсо, анда коррупцияга каршы дагы бир мамлекеттик комиссия пайда болуп калышы ыктымал.
XS
SM
MD
LG