Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:06

ҮМҮТ ЧОҢ, ЛЕКИН, АТКАРЫЛЫШЫ АРСАР


Ушул айдын жыйырма экисинде Алматыда Азия континентинде өзара түшүнүү менен ишеним орнотуу маселелерин талкуулаган тышкы иштер министрлеринин жыйыны башталат. Анда Азия континентин ынтымак-ырашкерликке чакыруу озуйпасын аркалаган кеңешме катышуучулары өзара ишеним жайылтуу, жыйын өткөрүү тартибин талкуулашып, соңунда декларация кабыл алышмакчы.

Азия континентин ынтымакка чакырып, ортодогу өз ара мамилени жакшыртуу максатын көздөгөн кеңешме түзүү демилгесин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 1992-жылы Улуттар уюмунун Башкы ассамблейинин 47-сессиясында көтөрүп чыккан.

Казак президенти кургак жердин кыйла бөлүгүн ээлеген континентте деле тынчтык, ынтымак-ырашкерлик өкүм сүрүп, өлкөлөр ортосундагы тирешүүнү токтотуу мезгили келгенин белгилеп, эларалык жаңы уюм түзүш керектигин айткан.

Андай уюм ичара биригип, чогуу-чаран иш жүргүзүп жаткан европалыктардын жолоюна түшкөн "Азия кызматташуусу жана ишеним кеңешмеси" деп аталышы керектиги да Улуттар уюмунун баш кеңсесиндеги чоң трибунадан жар салынган.

Казакстан президентинин демилгесин биринчилерден болуп Кыргызстан колдоп чыккан. Кийин ага Азербайжан, Ооганстан, Мисир, Индия, Иран, Израиль, Кытай, Палестин, Пакистан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия мамлекеттери кошулуп, баш-аягы болуп жыйынга 16 өлкө кирген. Жакында эле аны Монголия да колдой турганын билдирди.

Жаңы уюшманын аты 2002-жылы таанылды. Алматыга чогулган президенттер менен айрым өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Азиядагы калкы, аскерий каруу-жарагы жагынан кубаттуу эки лөк өлкө - Индия менен Пакистанды өзөктүк куралдарын бири-бирине пеш кылбай, ынтымакка чакырышып, ортомчулукка түшүшкөн.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин ырасташынча, жыйындын маанилүү жыйынтыгы жаатташкан тараптарды тынчтыкка келүү чакырыгы болду:

- Орусия менен Кытайдын президенттери Пакистандын президенти менен Индиянын премьер-министрин элдештирүү аракетин жасашты. Андан эч нерсе чыккан жок. Бирок да ал - конференциянын эң маанилүү жери катары эсте калды.

Континенттин эпсиз чоңдугу, буга кошулуп калкынын опсуз көптүгү, экономикалык өнүгүш жагынан бир даары Жапан өлкөсүнүн жолун жолдоп алдыга озуп кетсе, уруш-талаштын айынан өчөйүп өнүгө албай бечел калышы ишти кыйла татаалдантат. Ошондон Азия континенти жакын арада европалыктардын катарына теңелип, ичара бириге коюшу деле арсар.

Ага Армения менен Азербайжан чатагы, өткөн кылымдын жарымынан бери өчүрүлбөй келаткан Израиль-Палестин урушу, өзөктүк куралдарын улам-улам сыноодон тажабаган Индия менен Пакистандын тирешүүсү, Түндүк-Түштүк Кореянын салкын-суз мамилеси олуттуу тоскоол болууда. "Анткен менен, Азия континентиндеги биртоп өлкөлөрдүн өз ара сөзгө келип, бир жыйынга катышуусу колдой турган демилге", дейт Муратбек Иманалиев:

- Экономикалык жагынан алдыга кеткен Азия мамлекеттери мыкты куралданып алышкан. Мүмкүн келечекте биригүүгө барса болор.

Глобалдашып бараткан дүйнөдөн өз ордун табуу ташпиши ушу тапта Азия өлкөлөрүн да ойлонтууда. Экономикалык жагынан алдыга озуп кеткен Батыш өлкөлөрү демократиялык баалуулуктарды жайылтуу аракетин көрүүдө. Белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун ырасташынча, алдагыдай геосаясий кызыкчылыктын артында эки максат башбактап турат:

- Батыш, анын ичинде Америка Кошмо Штаттарынын глобалдык саясаты болобу же ар бир өлкөгө карата мамилесинде болобу, мында эки элемент болот. Бир жагы идеологиялык. Экинчиси болсо – бул конкреттүү саясат.

Жалпы континент ынтымагы, биримдик түшүнүгү Азияда аз-аздан тамыр жаюуда. Ал бекем таканчык алып кете алабы же континент ичара чөлкөмдөргө бөлүнүп кетеби – аны мезгил көрсөтөт.
XS
SM
MD
LG