Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

20-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү: Синоптиктердин маалыматы боюнча 20-21-октябрда абанын температурасы –1...-3 градус суук болуп, дыйканчылык аймактарда үшүк жүрөт. Үшүктүн жүрүшү айыл чарбасындагы түшүмгө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

20-октябрда Кыргызстанда жаан-чачындын болушу күтүлбөйт. Ош, Жалалабад, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн –1...-3 градус суук, күндүз +13...+15 градус жылуу.
ТАЛАСТА түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +10...+15 градус жылуу болот.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн +3...+8, күндүз +13...+18 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн 0...+5 градус жылуу, айрым жерлерде 0...-2 градус суук, күндүз +11...+16 градус жылуу.
НАРЫН дубанында түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +9...+14 градуска жылыйт.
БИШКЕК шаарында жамгыр жаабайт, абанын температурасы түнкүсүн 0...-2 градус суук болуп, үшүк жүрөт, күндүз +13...+15 градус жылуу.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бүбүкан Досалиева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG