Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Кыргыз-Швейцариялык жаңы долбоор ишке киргизилди


ТАЛАС. Бул окуяга арналган жыйын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда өттү. «Ден-соолук үчүн жаматтардын аракеттери» деп аталган долбоорду Швейцариянын «Кызыл чырым» коому ишке ашырып, анын өкмөтү каржылап жатат. Долбоор эң алгач 2001-жылы Жумгал районунда киргизилип, өткөн жылы Нарын облусуна таратылган, эми Талас облусу бул долбоорго пилоттук болуп киргизилип жатат.

Швейцариянын «Кызыл чырым» уюмунун өкүлү, добоордун жетекчиси Тобияз Шит мырзанын билдиргенине караганда, жер-жерлерде айылдык ден-соолук комитеттери түзүлүп, алар үй-бүлөлүк дарыгерлерге, ден-соолук чыңдоочу кабинеттердин жана ФАПтардын кызматкерлерине ден-соолук чыңдоо жаатында артыкчылыктуу багыттарды көрсөтүшүп, алардан отчёт алып турушат. Долбоор 2008-жылга чейин уланат.

XS
SM
MD
LG