Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:54

Эларалык уюмдар коррупцияга каршы күрөштүн абалына кабатыр


БИШКЕК. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги борбору, АКШнын ЮСАИД агенттиги жана БУУнун Өнүгүү программасы Кыргызстан коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасына ээ болушу үчүн улуттук мыйзамдарын эларалык стандартка ылайыкташы зарыл деп сунуштады. Бул тууралуу бүгүн ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси Маркус Мюллер менен акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын башчысы Кубанычбек Өмүралиев билдиришти.

Алардын айтымында, мындай бүтүм «Коррупцияга каршы күрөштүн улуттук жана эларалык укуктук каражаттары жана алдыңкы тажрыйба» деген семинардын алкагында жүргүзүлгөн талдоодон улам пайда болду. Анда Кыргызстандын мыйзамдары БУУнун коррупцияга каршы күрөшүү конвенциясы менен Европанын коррупцияга каршы күрөшүү кеңешинин талаптарына дал келиши керектиги айтылды.

ЕККУнун Бишкектеги борборунун жетекчиси Маркус Мюллер, андан тышкары, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча атайын комиссия түзүп, аны президентке гана баш ийдирүү зарылдыгын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG