Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

Элдик-патриоттук кыймыл билдирүү таратты


БИШКЕК. Кыргызстандын аткаруу бийлигинин өлкөнүн энергетика тармагын менчиктештирүү аракетине карата "Кыргызстан элдик-патриоттук кыймылы" кыргыз элине жана массалык маалымат каражаттарына билдирүү таратты. Анда мамлекет башчысы Аскар Акаев соңку жылдары өзү каалаган кандайдыр бир мыйзамды премьер-министр баш болгон бийлик өкүлдөрүн парламентке жиберип, өкмөтчүл маанайдагы ар бир депутатты жекме-жеке макулдатуу жолу менен парламенттен өткөрүп жаткандыгы жазылган.

Ага мисал катары Үзөнгү-Кууштун Кытайга берилиши, Аксы окуясынан соң "Мунапыс мыйзамынын" кабыл алынышы жана соңку эки аптадан бери өлкөнүн энергетика тармагын чет өлкөлүктөргө сатуу аракетинин жүрүшү келтирилген.

Ошондой эле кайрылуу ээлери эгерде энергетика тармагы чет өлкөлүктөргө сатылса, электр энергиясыны, жаратылыш газына жана тамак-ашка баа бир нече эсе кымбаттарына кабатырланганын билдиришкен. Кайрылуунун соңунда алар элдин үмүт-тилегин актабай, аткаруу бийлигинин кысымы менен улуттун кызыкчылыгына каршы келген мыйзамдарды кабыл алган Жогорку Кеңештин кош палатасын мөөнөтүнөн мурда таратылышын талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG