Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:34

Жекшембиде Беларуста өткөн парламенттик шайлоо менен референдум демократиялык стандарттарга жооп берген жок деп эларалык уюмдар катуу сындап жаткан кез. Шайлоонун ырасми жыйынтыктары дайын болбосо да, ырасми Минск президент Лукашенконун бийлик мөөнөтүн узартуу сунушун калктын 77%ы колдоду деп алдын-ала жарыялап салды.

Беларустагы шайлоого 270тей байкоочусун жиберген Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму "Беларустун бийликтери мамлекетти башкарууда элдин эрки менен эсептешкен жок" деген тыянагын жарыялады. Минскке барган Европалык делегациянын башчысы Тоне Тингсгаард "Беларустун жетекчилиги демократиялык принциптерди кенедей да эске алган жок" деп нааразыланды.


Борбордук шайлоо комиссиясы алдын-ала билдиргенине караганда, Конституцияга президент Лукашенкого 3-мөөнөткө шайланууга уруксат берген өзгөртүү киргизүү сунушун шайлоочулардын 77%ы колдоду. Жаңы парламенттеги 110 орунду жалаң өкмөтчүл саясатчылар ээледи.

Беларустук оппозициячылар баштаган 500гө чукул адам дүйшөмбүдө кечинде Минсктеги Октябрь аянтында чогулуп, Евробиримдиктин желегин желбиретип, "Лукашенко жеңилди!" деген ураандарды кармап алып, көчө жаңырта "Фашисттер!" – деп кыйкырып турушту.

Бир гана КМШ өлкөлөрүнөн барган байкоочулар Беларустагы шайлоо ачык жана калыс өттү деп макташты. Минсктеги телеканалдар калкка жалгыз ошолордун айтканын улам кайталап көрсөтүп жатты.


Америкадагы "Стрэтфор комментари" жазгандай, Беларус – КМШ өлкөлөрү арасынан Советтер Союзу маалындагы саясий жана экономикалык түзүлүшүн дээрлик бузбай сактап калган жалгыз мамлекет. Ошондой эле Беларуста элдин турмуш деңгээли башка репсбуликалардай башаламанга түшүп начарлап кеткен эмес, бир калыпта келатат. Экономикалык туруктуулуктун негизги таянычы – Борис Ельциндин тушунда Орусиядан алынган ири жардам болгон, - деп эсептейт "Стрэтфор" басылмасы.

Кремлдин мындай өзгөчө мамилесин басылма: "Орусия – мурдагы Советтер Союзундагы таасирин кайра калыбына келтирүү үмүтүнө жылынып, Беларусту – ал кыялын ишке ашыруудагы ишеничтүү өнөктөш санайт", - деп түшүндүрөт. Ошондой эле жекшембидеги референдум Беларустун ички жана тышкы саясатына эч кандай чоң өзгөрүү алып келбейт, болгону Минсктин Москва менен алакаларын гана бекемдээри айкын деп белгилейт.


Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Беларустагы шайлоого байланыштуу камтамачылыгын билдирди. Аны Вашингтондун өкүлү Ричард Баучер коомчулукка жеткирди:

- Биз кайрадан Беларусту эларалык стандарттарды эске алууга үндөйбүз, парламенттик шайлоо жана референдумдар Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун талаптарына шайкеш өткөрүлүшү керек. Бирок ушул уюм жана укук коргоочулар Беларустагы шайлоодо эларалык нормалар бузулганын кабарлап жатышат, - деп көңүл бурду Вашингтондун өкүлү.


"Нью-Йорк таймс" гезити Беларус президенти А.Лукашенконун Кремлдин азыркы кожоюну Путин менен ымаласы Ельциндин тушундагыдай дос-тууганчыл маанайда эмес экенин белгилейт. Дал ошол себептен улам Орусия-Беларус биримдиги жөнүндөгү узун сөздөр азыркы тапта кайталанбай токтоп калган кез.

Бирок Лукашенконун Америка менен Батышты сындаган катаал позициясы Орусиянын улутчул маанайдагы катмарына майдай жагат, атүгүл айрым көз карандысыз сурамжылоолор карапайым орусиялыктар Путинге караганда Лукашенкону көбүрөөк жактаарын көрсөткөн, деп кабарлайт "Стрэтфор комментари". Андагы макалада Европа Биримдиги - кеңейүү маселеси менен, АКШ - Ирактагы жагдай, өзүндөгү президенттик шайлоо менен алектенип, колу бошобой жаткандыктан, Минсктеги окуялар азыр Беларус бийлиги каалагандай өнүгүп баратат деген жыйынтык жасалат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG