Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:12

Ирак маселеси АКШда президентикке талапкерлерди дале кайым айтыштырууда


Демократтардын талапкери сенатор Жон Керри президенттин Иракта бардык иш туура жасалып жатат жана каталык кетирилген жок деген сөзүн өзүнө-өзү корстон болгон мактануу деп баалап, жагдайдын чындыгы ашкере боло баштады жана 2-ноябрдагы шайлоодо анын баары Буштун ойронун чыгарат деп билдирди. Президент Жорж Буш өз кезегинде Керри азыркы дүйнөнү 11-сентябрга чейинки абалында көрүп, катуу жаңылып жатканын белгиледи. Буштун айтымында, сенатор Керринин түшүнүгүнө койгондо террористтер качан Америкага сокку ургандан кийин гана алардын мизин майтаруу керек болот. Керринин көз карашын Буш “10-сентябрдын позициясы” жана өлкөнү коргоонун ыкмасы эмес деп баалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG