Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

Европалык сот Украинага каршы өкүм чыгарды


Страсбургда жайгашкан адам укуктарын коргоочу бул органдын өкүмүнө ылайык Украин президенти Леонид Кучманын мурдагы жансакчысына шайлоого катышууга тыюу салуу менен, Украинанын өкмөтү анын адам укугун бузду.

Украин бийликтери 2002-жылы Микола Мелниченкого парламенттик шайлоого катышууга тыюу салган эле. Европалык сот украин өкмөтүнө Мелниченкого 6200 доллар өлчөмүндө айып төлөөгө көрсөтмө берди. Украина соттун бул чечимин апелляцияга берүүгө укуктуу.

Мелниченко 2000-жылы Америкага качып, президент Кучманын жергиликтүү журналистти өлтүрүүгө байланышын айгинелеген аудио касетаны ачыкка чыгарган эле.

XS
SM
MD
LG