Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Беларуста оппозициянын нааразылык акциясында 46 киши камакка алынды


Бул тууралуу уруксатсыз акциянын катышуучулары менен кагылышкан полиция маалымдады. Президент Александр Лукашенкого үчүнчү ирет шайланууга жол ачкан референдумга каршы демонстрация кечээ Минскиде экинчи күн катары менен өттү.

Кармалгандардын арасында оппозиция жол башчылары Николай Статкевич, Павел Северинец жана Анатолий Лебедколор бар. Лебедконун кесиптештери аны полиция аёсуз уруп-сабаганын билдиришти.

XS
SM
MD
LG