Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:44

Президент Жорж Буш АКШнын дүйнөдөгү кызыкчылыгын коргоодо эларалык коомчулук менен эсептешпестен, зарыл көрсө куралдын күчүнө таянган жана бир беткей саясат жүргүзгөн адам катары белгилүү. Анын демократ-атаандашы Жон Керри тышкы саясатта эзелкидей көп жактуу байланышты калыбына келтирип, эларалык иштерди дипломаттык жол менен чечүүгө басым жасаарын убада кылууда. АКШнын президенттигине талапкер бул эки саясатчынын саясый программасында кандай окшоштуктар менен айырмачылыктар бар?

Атаандаштар ортосунда үч айлампада өткөн телетаймашта сенатор Жон Керри АКШ өкмөтүн жоого озуна сокку уруу согушун баштагандан мурда, анын мыйзамдуулугун “дүйнөнүн сынынан” өткөрүш керек болгонуна көңүл буруп, бирок Бушту Ирактагы мындай сыноого даяр эмес чыкты деп сындады:

- Буш: “Биз планды кылдат даярдайбыз. Биз этият иш алып барабыз. Биз согуштан качабыз. Биз союздаштар менен чогуу болобуз”, - деп айткан эле. Бул айткандарынын бирин да аткарбады.

Буш Керринин “дүйнөлүк сынак” деген сөзүн чечкинсиздиктин белгиси катары баалап, АКШнын коопсуздугуна тийиштүү маселелерге чет өлкөлөрдүн кийлигишүүсүнө эч качан жол бербеймин деп жооп берди.

Бул сөздөр, талдоочулардын баамында, АКШнын кубатын пайдаланууда эки талапкердин түшүнүктөрү коошпогонун күбөлөйт. Анткен менен, Буш менен Керринин эларалык келишимдер жана уюмдар боюнча көз карашы бири-биринен көп деле айырмаланбайт дейт Нью-Йорктогу Колумбия университетинин окутуучусу, саясый эксперт Майкл Доли:

- Менин сезишимче, алар сөзгө жасаган басымда чоң айырыма болгону менен, козгогон маселелери окшош эле.

Буштун өкмөтү, чынында эле, Эларалык кылмыш сотун тааныбай жана абага зыяндуу газдарды бөлүүнү кыскартууну көздөгөн Киото келишиминен чыгып кетип, дүйнө коомчулугун бир топ кыжалатка салган.

Керри аталган эки маселеде тең Бушту колдобойт.

Жорж Буштун командасы Иракка согуш ачарда Улуттар Уюмун көзгө илбегени менен, Ирактагы кыйынчылыктар Вашингтонду БУУ менен колмо-кол иштөөгө мажбур кылды. АКШ быйыл жайда Коопсуздук Кеңешинин БУУнун Ирактагы саясый вазийпасын кеңейтүү жөнүндөгү резолюциясын жактады.

Президент Буштун Улуттар Уюму менен болгон мамилеси, Майкл Долинин пикиринче, АКШнын тышкы саясатындагы ойку-кайкылыкты көрсөтөт:

-Буштун администрациясы Улуттар Уюмун жөнсүз катуу сындагандан кийин, Ирактагы стабилдүүлүктү жана тынчтыкты орнотуу аракетинде БУУнун жардамына таянуу үчүн, анын эшигин кагып кайра келди. Бул эгерде сиз өтө түрдүү жагдайда жалгыз болууну каалабасаңыз, дүйнөлүк саясаттан сыртта туруу кыйын экенин күбөлөйт.

Буш соодадагы талаш-тартыштарды жөндөөдө Дүйнөлүк соода уюму - ДСУга таянбастан, эки жактуу алакага басым жасады. Анын өкмөтү 12 мамлекет менен эркин соода келишимин түздү. Америкалык эксперт Кимберли Анн Эллиоттун боолгошунча, непада 2-ноябрда Керри президент болуп шайланса, Европа, Япония жана Кытай менен соода келишимдерин түзүүгө умтулушу мүмкүн:

-Керринин кеңсеси же Буштун жаңы өкмөтү жакшы ийгиликтерге жетип, аларды пайдалуу деп тапса, ДСУ алдында кыйкырып, мактана алат. Бирок соодадагы алдым-жуттум жүрүм-турумга ДСУнун жоболору мүмкүндүк бербейт.

Вашингтон 2002-жылдын мартында Европадан алынып келинген болотко кошумча төлөм киргизген. Лекин, кийинки жылы декабрда ДСУнун чечимине моюн сунган. Президент Буш тышкы атаандаштыкка чыдабай, тизелеп калган фермердик чарбаларды да коргоого алды. Ошентсе да, көпчүлүк эксперттердин, анын ичинде Эллиот айымдын сөзүнө караганда, АКШ эркин соода маселесинде эларалык милдеттенмелеринин чегинде аракеттенет.
XS
SM
MD
LG