Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:15

КЫРГЫЗСТАНДА ПАРЛАМЕНТТИК КРИЗИС БЫШЫП ЖЕТИЛДИБИ?


Шейшембиде Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 15 депутаты энергетика тармагын менчиктештирүү программасын кароого каршылык билдирген кайрылуу кабыл алып, аны жалпы кыргыз элине жолдоду. Кайрылууну колдогон башка депутаттар да палатадагы жумуш орундарын нааразылык билдирүү иретинде таштап, залдан чыгып кетишти жана төрага танапис жарыялоого мажбур болду. Бул окуяга баам салган байкоочулар мындай көрүнүш бара-бара парламент менен өкмөттүн тирешүүсүн курчутуп, парламенттик кризиске алып барышы мүмкүн деген ойдо турушат.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын энергетика тармагын менчиктештирүү программасын кароого каршы болгон депутаттары өз кайрылуусунда «өкмөт газ жана электр тармагын ар түрдүү жолдор менен шашылыш түрдө жеке адамдарга өткөрүп берүүгө далбастап жатат» деп билдирип, ал эми программаны кароого макулдук берген депутаттарды элге каршы саясатты колдошту деп кинелешти.

Шаршемби күнү 15 депутаттын кайрылуусун колдоп, дагы төрт депутат кол койду. Депутат Азимбек Бекназаровдун айтымында, палата өкмөттүн талабына каршы катуу туруп, өкмөт басым жасап, президент парламентти таратууга чейин барса да өз чечимдеринен кайра тартпайт:

-Элдин, мамлекеттин байлыгын көз көрүнөө эле адамдарга таратып, талатып-тоното бергенден көрө парламенттин тарап кеткени жакшы. Менчиктештирүүгө каршы турган депутаттарды бийлик сындыра албайт. Мамлекеттин стратегиялык байлыгы үчүн керек болсо парламенттин тарап кеткенине чейин барсак, бул жакшы аракет болот.

Депутат Азимбек Бекназаровдун айтымында, өкмөттүн ушул маселени каратуу аракети парламенттеги туруктуулукка тескери таасир тийгизген жагдайды жаратты. Анын себебин Азимбек Бекназаров мындайча чечмеледи:

-Ушул электр жана газ тармагын менчиктештиребиз деп жатып, бийлик көп депутаттарга аткарылбай турган көп убадаларды берип койду. Алар азыр үмүттөнүп, маселени күн тартибине киргизүүгө макул болуп жатышат. Бирок маселе добушка коюлгучакты, тармакты менчикке өткөрүүгө чейин убаданы аткарып бербесеңер, анда биз да каршы чыгабыз деген депутаттар көп.

Ал эми төраганын орун басары Кубатбек Байболов палатадагы талаш парламентти таратууга алып барбайт, бирок саясий туруктуулукка тескери таасирин тийгизбей койбойт деген ойдо:

-Парламент кийинки шайлоого бир аз убакыт калганда таркай койбойт. Бирок кризисттик абал түзүлүшү толук мүмкүн. Себеби менчиктештирүү маселеси экономикалык мейкиндиктен азыр саясий мейкиндикке өтүп, өтө курч мааниге ээ болуп турат.

Ал эми президенттик администрациянын жетекчисинин биринчи орун басары Болот Жанузаков энергетика тармагын менчиктештирүү маселеси парламентте кризистик кырдаалды түзбөйт деген пикирде:

-Эми мындай сөздөрдү биз шашылып айтып жатабыз. Андай кырдаалга барышка азыр жол жок. Биз бул маселени шашылбастан, эмоцияга берилбестен оор басырык менен чечип алганыбыз туура болот.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын маселени кароого каршы болуп жаткан депутаттары мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн буга чейинки үч баскычынын натыйжасы тууралуу өкмөттүн маалымат берүүсүн талап кылышууда. Реформалардын элге пайдалуу болгонуна ынангандан кийин гана төртүнчүсүнө макулдук берели деп жатышат.

Палата төрагасынын орун басары Кубатбек Байболовдун айтымында, бул орундуу талап:

-Он жылдан ашык мезгилден бери жүргүзүлүп келе жаткан менчиктештирүү биздин өлкөгө жана элге көрүнүктүү жыйынтыгын алып келген жок. Ушундан улам эл арасында менчиктештирүү жаман нерсе катары кабылданат. Айрым депутаттар мекеме, жайларды кудуретсиздик абалга ким алып келди жана ага жооптуу адамдар жоопко тартылабы же жокпу деген суроо боюнча жыйынтык чыгарылып, өкмөттүн отчётун угуп туруп, анан маселени карайлы деп жатышпайбы. Мунун эмнеси жаман? Маселен, мен деле тармакты оор кырдаалга алып келген адамдардын жок дегенде бир-экөө жоопко тартылса жакшы болот эле деген ойдомун.

Президенттик администрация жетекчисинин орун басары Болот Жанузаковдун айтымында, менчиктештирүүнүн жыйынтыктары тууралуу мурда эчен ирет айтылгандыктан, азыр ага кайрылуунун зарылдыгы жок:

-Ушул энергетика тармагында жүргүзүлгөн менчиктештирүү маселеси ар бир сессияда, жылына жок дегенде бир жолу талкууланып келатат. Мындан мурунку парламент дагы 1997–жылы президенттин буйругу менен атайын комиссия түздүрүп, анын текшерүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу ошол кездеги Башкы прокурор Асанбек Шаршеналиев үч жолу келип отчёт берген. Ал жооптуу адамдар тарабынан кеткен кемчиликтер кантип жөнгө салынганын жана арзан баага сатып алган кээ бир адамдар акчасын толук төлөгөндүгүн айтып берген. Анан эми апендичисинен эле кайра башынан түшө беребизби? Бул кызык көрүнүш болуп жатат да!

XS
SM
MD
LG