Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:51

Баткен окуяларында курман болгон жоокерлер эскерилди


БАТКЕН. Облустук аскер комиссириатынан 20-октябрда алынган маалыматка караганда, шейшемби күнү Баткен районундагы Газ айылына жакын жердеги Толду капчыгайында 1999-жылдагы коогаланда курман болгон алты жоокерди эскерүү митинги өтүп, ага аймактагы аскер бөлүктөрүнүн, райондук бийликтин, коомчулуктун өкүлдөрү жана жергиликтүү мектептин мугалимдери, окуучулары катышты.

Алгач жоокерлердин арбагына багышталган куран окулуп, эстеликке гүл чамбарлар коюлду. Ата Мекенин коргоодо өзгөчө эрдик көрсөткөн мындай эр жигиттерди Баткен эли эч качан унутпастыгы, аларга дайым таазим кылынаары белгиленди.

1999-жылдын 20-сентябрында «КамАЗ» автоунаасы менен келаткан беш жоокер аталган капчыгайда душмандар тарабынан коюлган минага кабылып, курман болушкан. Алар бир күн мурда болгон кагылышууда дайынсыз жоголгон алтынчы жоокерди издеп чыгышкан эле.

Ушундай эле эскерүү 21-октябрда Кадамжай районуна караштуу Сырт айылында өтөт. Беш жыл мурда аталган айылга жакын жерде да айыгышкан кармаш жүрүп, андан жети жоокер курман болгон.

Ал эми 1999-2000-жылдардагы Баткен коогасында Кыргызстандын эли жалпысынан 53 эр-азаматынан айрылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG