Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

2005-ЖЫЛДЫН БЮДЖЕТИ СОЦИАЛДЫК БАГЫТТА ЭМЕС ДЕШЕТ


Сапар Орозбаков, Бишкек 20-октябрда Мыйзам чыгаруу жыйынынын каржы комитети өткөргөн коомдук талкууда бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана депутаттар 2005-жылдын бюджетинин долбоорунда социалдык маселелерди чечүүгө акча жетишсиз бөлүнүп жаткандыгын билдиришти. Алар минималдык айлык жана пенсия минималдык керектөө бюджетинен бир нече эсе төмөн экендигине карабастан аларды көтөрүүгө бюджеттен акча бөлүнбөгөндүгүн белгилешет.

Жылда өткөрүлүп, салтка айланып калган коомдук талкууну Мыйзам чыгаруу жыйынынын каржы комитетинин төрагасы Марат Султанов алып барып, анда каржы, эмгек жана социалдык коргоо жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу министрликтеринин жетекчилери 2005-жылдын бюджети тууралуу маалымат таратышты жана жыйындын катышуучуларынын суроолоруна жооп беришти.

Каржы министринин орун басары Мурат Исмаиловдун айтымында, 2005-жылдын бюджети азыр бүтө жаздап калган жаңы Салык кодексинин негизинде эсептелип чыккан.

Кошумча маалымат берген каржы министринин дагы бир орун басары Ольга Лаврова өлкөнүн бюджети келерки жылы 1 млрд 400 млн. сомго өсөрүн, кошумча түшкөн акча социалдык маселелерди чечүү зарылчылыгын эске алуу менен бөлүштүрүлгөнүн билдирди. Ал өзүнүн сөзүндө 2005-жылдын бюджетин социалдык багыттагы бюджет деп мүнөздөдү. Бирок бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана депутаттар буга макул эмес экендиктерин билдиришти:

-Быйыл 1-июлдан баштап жаңы Эмгек кодекси ишке киргизилди. Ошол кодексте минималдык айлык минималдуу керектөө бюджети менен бирдей болуш керек деп жазылган. Азыр минималдуу керектөө бюджети 2000 сомго жакын. Минималдуу айлык болсо КМШ өлкөлөрдүн ичинде эң төмөнкүсү – 100 сом же 2,5 доллар. 7 жылдан бери бир да өзгөрүлө элек. Мыйзам чыккандан кийин өкмөт аны аткарып, эмдиги жылы минималдык айлыкты көтөрүшү керек,- деди профсоюздар конфедерациясынын төрага орун басары Темирбек Жаналиев.

Калкты социалдык жактан коргоо коомдук бирикмесинин өкүлдөрү да пенсияны жогорулатуу зарылчылыгын көтөрүп чыгышты. Алар бул тууралуу өкмөткө жана депутаттарга жолдогон кайрылуусун окуп беришти. Ольга Лаврова үстүбүздөгү жылы бир катар тармактын кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлгөнүн айтып, эмдиги жылы айлыкты көтөрүүгө каражат жоктугун билдирди:

-Эгерде айлыкты экинчи жарым жылдыкта көтөрө турган болсок ага 453 млн. сом керек. Азыр андай акча жок.

Коомдук талкууга эксперт катары тартылган "Соростун экономикалык институту" деген ат менен белгилүү Бишкектеги экономикалык саясат институнун директорунун орун басары Чоробек Имашев да социалдык секторго бөллүнгөн акчалар жылдан жылга азайып баратканын белгиледи:

–Чынында социалдык муктаждыкка бөлүнгөн акчалардын жылдан жылга төмөндөө тенденциясы байкалат. Аны социалдык багыттагы бюджет деп айтуу кыйын. Мисалы, 1995-жылы билим берүүгө бөлүнгөн акча ички дүң продуктынын 6,6% түзсө, азыр 3,9%.

«Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун лидери Төлөйкан Исмаилова таратылган маалыматтарда көрсөтүлгөн 86 млн. доллар тышкы карыз кимдер алган кредит үчүн төлөп берилээрине кызыкты. Ал «бул акчанын ичинде өкмөттүн кепилдиги менен алынып, чиновниктер жеп алган акчалар жокпу?» деген суроо койду. Суроого каржы министрлигинин өкүлдөрү дароо жооп бере алышкан жок – кийин жооп беришмек болушту. Төлөйкан Исмаилова бюджетти талкуулоодо ачыктык дагы эле жетишпей жаткандыгына элдин көңүлүн бөлдү.

Бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү бул коомдук угуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган бир катар сунуштарды да киргизишти. Алар талкууга коюлган материалдар эртерээк берилсе, парламенттик угууга пенсионерлерден тышкары коомдун башка өкүлдөрү да чакырылса, айтылган сунуштар бюджетти бекитүүдө эске алынса деген ойлорун айтышты.

XS
SM
MD
LG