Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:13

БЕЛАРУСИЯДА РЕФЕРЕНДУМДУН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КАРШЫ ЧЫККАНДАР ЖАЗАЛАНУУДА


Беларусияда өткөн жекшембидеги референдумдун жана парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирип көчөгө чыккандардын айырымдары, анын ичинде оппозиция лидерлери соттолууда. Башкалаа Минскиде нааразылык акциясы дүйшөмбүдө башталган эле. Шейшембинин кечинде болсо укук коргоо органдары демонстранттарга каршы күч колдонду. Мунун аралыгында Евробиримдик Беларусиядагы кырдаалга тынчыздануу билдирди.

Бийликте турганына он жылдын жүзү болгон Александр Лукашенко жекшембидеги референдумдун натыйжасында үчүнчү мөөнөткө, президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алды. Расмий маалыматтар боюнча бул үчүн өлкө Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү сунушту референдумга келгендердин 77%ы колдогон. Келерки президенттик шайлоо эми 2006-жылы болушу керек.

Референдум менен катар парламенттин төмөнкү палатасына да шайлоо өткөрүлгөн. Анда оппозициянын бир да талапкери депутаттык мандат алалбады.

Батыштык байкоочулар, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму шайлоо демократиянын стандарттарына жооп бербегенин белгилешкен. Жергиликтүү оппозиция да добуш берүүнүн жыйынтыгы толук бурмаланды деп эсептейт. Андыктан буга нааразылык билдиргендер башкалаа Минскиде дүйшөмбүнүн кечинен тартып демонстрацияга чыга башташкан эле. Көчөгө чыккан 500дөй адамдын көпчүлүгү жаштар болчу.

Шейшембинин кечинде милиция жана ОМОН нааразылык билдиргендерди таратуу үчүн күч колдонууга барды. Милиция менен кагылышуудан соң расмий маалыматтар боюнча демонстранттардын 40тан ашууну кармалды. Алардын арасында оппозициячыл уюмдардын лидерлери да бар.

Шаршембиде болсо Минскинин соту ошол кармалган демонстранттарды сот жообуна тарта баштады. Бул күнү 12 адам 10-15 суткага кесилип, айрымдарына айып кошо салынды. Ал эми оппозиция лидерлеринин бири, Бириккен Граждандык партия деген уюмдун лидери Анатолий Лебедко демонстрацияны таратуу учурунда токмок жегендиктен мээсине доо кетип, кабыргасы сынып, бөйрөктөрүнүн бирине доо кетип, ооруканага түшкөн.

Социо-экономикалык жана саясий изилдөөлөр боюнча Минскидеги институттун директору Александр Сосновдун айтымында, беларусиялыктардын көпчүлүгү добуш берүүнүн жыйынтыгы жалган экенин түшүнүп турат, бирок көчөгө чыккандан коркууда:

-Коркушууда, кеп ушунда, коркуп жатышат. Адамдар ар кандай атайын кызматтардан чочуп калышкан. Такыр айласы куругандар гана чыгууда. Андыктан алар аз.

Мунун аралыгында Евробиримдик Беларусиядагы кырдаалга тынчыздануу билдирди. Европарламенттин шайлоо жана референдум учурунда Беларусияда болгон депутаты Богдан Клич шаршембиде Брюсселден кабарчыларга мындай деди:

-Беларусияда социалдык чыңалууну күтүүгө болот. Андыктан Евробиримдик жакынкы келечекте чыгыш чек арабызда туруксуздук орун алышы мүмкүн экенин билиши керек.

Европарламенттин Польшадан шайланган депутаты Богдан Клич уюмдун аткаруучу органы - Еврокомиссияга бул жерде граждандык коомду, көз карандысыз маалымат каражаттарын колдоо боюнча аракеттерди күчөтүүнү сунуш кылып жатканын да кошумчалады.

Беларусиянын маселеси Европарламенттин келерки аптадагы пленардык жыйынынын күн тартибине киргизилээри күтүлүүдө. Дипломаттардын айтымында, Беларусиядагы кырдаал жана балким санкция киргизүү жөнүндө Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин ноябрдын башындагы жыйынында да сөз болушу мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG