Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26

Орусиялыктар айлыкты көбөйтүүнү талап кылышууда


Бүгүн Орусиянын бир катар шаарларында мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери нааразылык акцияларын уюштурушууда. Алар айлык акыны көтөрүү маселесин коюп жатышат.

Москвада Өкмөттүн имаратынын жанында түрдүү профсоюздар менен билим берүү, медицина жана маданият тармагынын 800дөн ашуун активисти топтолгон.

Акциянын уюштуруучуларынын бири Сергей Кузин билдиргендей, кечке маал бул жерге 5 миңдей адам топтолушу керек.

Профсоюздардын божомолунда, иш таштоо акциясына бүгүн бюджеттик тармактарда иштеген бир миллиондон ашуун адам кошулаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG