Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:05

Борбор Азия мамлекеттеринде коррупциянын деңгээли дале жогору бойдон


Дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээлине көз салып турган Transparency International эл аралык уюму бүгүн өзүнүн жылдык отчетун жарыя кылды. Дүйнөнүн 146 мамлекетиндеги коррупция тууралуу кабарда айтылгандарга ылайык акыркы жылы коррупцияны жойуу ишинде Борбор Азия мамлекеттери, былтыркыга караганда, алдыга жыла алышкан жок.

-Тилекке каршы, Борбор Азия мамлекеттерине байланыштуу ичти жылыта турган кабар жок. Анткени алар дале тизменин эң акыркы орундарында турушат. Керек болсо, кээ бир мамлекеттерде акыркы жылы коррупция дагы өсүп кеткендей болду, - деди Transparency International уюмунун Европа жана Борбор Азия региондору боюнча тобунун башчысы Миклос Маршалл.

Уюмдун отчетунда айтылгандай коррупция ушул тапта дүйнөнүн 60 мамлекетинде башкы проблемалардын бири бойдон калууда. Паракордуктун деңгээли мунайга бай мамлекеттерде өзгөчө жогору.

XS
SM
MD
LG