Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Беларуста референдумдун жыйынтыктарына каршы болгондор камакка алынышты


Беларус республикасында өткөн референдумдун жыйынтыктарына каршы нааразылык акциясын уюштургандардын он экиси камакка алынды. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча алар 10-15 күн түрмөдө кармалышат жана айып төлөшөт. Алардын арасында айрым оппозициялык лидерлер да бар.
Оппозициялык маанайдагы саясатчылардын бири Анатолий Лебедко жаңжал учурунда оор жаракат алган, азыр ал ооруканада жатат.

Референдумдун жыйынтыгы боюнча президент Лукашенко үчүнчү жолу президенттикке катышуу укугуна ээ болду. Буга каршы болгондор эки күн катары менен көчөгө чыгышып, нааразылык акциясын уюштурушкан эле. Алар референдумдун жыйынтыктарын айыптаган түрдүү лозунгдар менен чыгышып, Лукашенкого каршы ураандарды кыйкырып жатышты.

Бир катар эларалык байкоочулар добуш берүү жараяны орой кемчиликтер менен коштолгонун айтышкан.

XS
SM
MD
LG