Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:21

Иран өзөктүк курал жасабай тургандыгын далилдөөгө даяр


Бүгүн Ирандын Коргоо министри Али Шамхани Иран жогорку сапаттагы “Шахаб-3” баллистикалык ракетасын сыноодон өткөргөнүн кабарлады. Анын айтымында, ракета 2 чакырымдай аймакка жетет.

Анын аралыгында Ирандын президенти Мохаммед Хамати “Ирандын өзөктүк курал программасы айланасында түзүлгөн кырдаалды сүйлөшүү жолу менен гана чечүү зарыл” – деп билдирди.
Анын айтымында, Тегеран өзөктүк куралды жасоону каалабай тургандыгын эларалык коомчулукка далилдөөгө даяр.

Британия, Германия жана Франция бүгүн Иранга алдыңкы технологиялуу атомдук реакторун курууга жардам беришээрин билдиришти. Бул реакторду тынчтык максатында гана колдонууга болот жана аскерий максаттарда колдонууга жарабайт.
АКШ Ирандын өзөктүк курал программасы өзөктүк куралды жасоого багытталган деп эсептейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG