Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Фаллужадагы соккудан кеминде 6 адам мерт кетти


Бүгүн Ирактын Фаллужа шаарында америкалык аскерлер козголоңчуларга таандык деп эсептешкен эки үйгө абадан сокку урушту. Ал эми шаардын борборунда болгон дагы бир соккудан бир үй бүлө төрт баласы менен мерт кеткендиги тууралуу окуяга күбө болгондор айтып жатышат.

Бүгүн эртең менен “Кеа” деп аталган эларалык гуманитардык уюм Ирактагы ишмердүүлүгүн токтотоорун билдирди. Анын төрайымы Маргарет Хассанды белгисиз адамдар уурдап кетишкен эле.

Шейшембиде “аль-Жазира” телеканалы эфирге берген экстремисттердин видео тасмасында Маргарет Хассан өзүнүн документтерин көрсөттү. Барымтачылар азырынча эч кандай талап коюша элек.
Маргарет Хассан – Британиянын атуулу. Британ премьери Тони Блэр Хассан айымды барымтага алгандарды айыптап, өлкө аны куткаруу үчүн бар күч-аракетин колдоноорун айтты:

-Бул – Иракта 30 жылдан бери жашап, ирактыктарга жардам берип келаткан адам. Анын өмүрлүк жолдошу да ирактык киши. Ушундай кишини да уурдаган барымтачылардын аракеттери бизге каршылык көрсөткөндөрдүн чыныгы жүзүн даана көрсөтүп турат, -деди Тони Блэр.

“Кеа” – дүйнөдөгү эң ири көз карандысыз уюмдардын бири. Ал дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөлөрүндө иштейт.

XS
SM
MD
LG