Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:24

Ирандын өзөктүк программасы бүгүн Вена шаарында талкууланат


Бүгүн Вена шаарында Иран, Алмания, Британия, Франциянын өкүлдөрү жолугуп, Тегерандын өзөктүк программаларын талкуулайт. Үч европалык мамлекет Иранга ар башка жардам көрсөтүп, аны уранды байытуу аракеттерин токтотууга көндүрүүгө аракеттенет. Бирок өлкө президенти Мохаммад Хатами кечээ күнү Тегеранда атайын билдирүү жасап, өлкө өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрүн токтотпойт деп дагы бир долу жарыялады:

-Европалыктар эмне сунуш кылаарын мен билбейм. Биз дайым айтабыз - кандай болбосун сүйлөшүүгө биз даярбыз. Өз ара түшүнүшүүгө жетүүгө да биз даярбыз. Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин көзөмөлү алдында аскерий эмес өзөктүк изилдөө жүргүзүүгө биздин укугубуз бар экенин жана ал укукту бизден эч ким тартып ала албасын алар таанууга тийиш.

Эгер жаңы сунушту Тегеран кабыл албаса, Алмания, Британия жана Франция АКШга кошулуп, Иранга каршы эл аралык чектөө жарыялоону колдошу мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG