Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:31

АКШ президенттигине талапкерлер бир-бирин айыптоодо


АКШ президенттигине талапкер сенатор Жон Керри кечээ күнү Айова штатында чыгып сүйлөп, Иракка каршы согуш баштоо менен президент Жорж Буш Американы эл аралык коомчулуктан обочолонтуп, алсыратты деп билдирди:

-Америка эми эки согушта жеңиш керек - террорго каршы согушта жана Ирактагы согушта. Президент Буш ал экөөнү такай чаташтырат. Анын айтымында, Ирак террорго каршы согуштун чордону, бирок чындыгында Ирак душманга каршы согушту башка жакка буруп кетти.

Буш дагы Айова штатына келип, шайлоочулар менен жолукканда, Керри көп нерсени түшүнбөйт жана террорго каршы күрөштү алсыратып жатат деп билдирди.

XS
SM
MD
LG