Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:39

ДЕПУТАТТАР ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫН МЕНЧИКТЕШТИРҮҮНҮ КАРООДОН БАШ ТАРТУУДА


21-октябрда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны өлкөнүн энергетика тармагын менчиктештирүү боюнча өкмөт сунуштаган мыйзамдарды караган жок. Буга депутаттардын каттоодон атайылап өтпөй койгону себеп болду. Бирок палата стратегиялык маанидеги ишканаларды чет өлкөгө концессияга берүү жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулоого киришти.

Мыйзам чыгаруу жыйыны энергетика тармагын менчиктештирүүгө негиз берүүчү мыйзамдарды шейшембиде кворумдун жоктугунан карабай калган. Ал эми бейшембиде аталган мыйзамдар каралат деген үмүттө отурумга биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, губернаторлор, тармак жетекчилери жана президенттик администрация жетекчисинин биринчи орун басары Болот Жанузаков келишти.

Депутат Дооронбек Садырбаев маселе карала турган болсо талкуу кыргыз телевидениеси аркылуу толук көрсөтүлүп, радиодон угузулсун деп атайын кайрылуу жасады. Андан кийин төрага Абдыганы Эркебаев палата «Каракол» эркин экономикалык аймагынын чек арасы» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү карала турганын билдирип, маселеге тийешеси жок өкмөт мүчөлөрүнүн залдан чыгып кетүүсүн талап кылды:

-Эркин экономикалык аймак тууралуу маселеге тиешеси жок өкмөт мүчөлөрү залдан чыгып туруңуздар. Биз силерди чакырган эмеспиз. Ашыкча келип алып, качан болсо депутаттардын жинине тийесиңер. Керек учурда басып келбейсиңер.

Палата мындан кийин «Каракол» эркин экономикалык аймагына байланыштуу маселени карап, бирок мыйзам кабыл алынган жок.

Танапистен кийин энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы болгон депутаттар эркин экономикалык аймакка байланыштуу маселени карайбыз деп коюп, энергетика тармагын менчиктештирүү мыйзамы каралып кетпесин деп чочулашып, кворум болбосу үчүн залда отуруп эле атайылап каттоодон өтпөй коюшту. Анын себебин депутат Ишенбай Кадырбеков:

- Чындыгында, алданып калбайлы деп коркуп жатабыз. Азыр эркин экономикалык аймакты карайбыз деп коюп, кворум болгондон кийин энергетика маселесине кирип кетпесин деп жатабыз. Биз өзүбүздүн тактикабызды ачык эле айталы ,- деп түшүндүрдү.

Жыйын мындай ойдон кийин «Концессия жана чет өлкөлүк концессиялык ишканалар» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамды кароого киришти. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Равшан Жээнбековдун айтымында, аталган мыйзам 1992-жылы кабыл алынган жана анда ишканаларды чет өлкөгө концессияга берүү тууралуу жоболор камтылган эмес. Ал эми азыркы долбоорго төмөнкү жоболор киргизилди:

-Мыйзамдын долбоорунда төмөнкү жоболор киргизилди: акционердик коомдордун укугу, мамлекет акциялардын үчтөн экиден кем эмесин ээлесе концессиялык келишимдердин обьектилерин тескөө укугу акционердик коомго тиешелүү болгон шартта өзүнүн мүлкүн концессияга берүү мүмкүнчүлүгү, мамлекет үчтөн экисинен кем эмес акцияларга ээ болгон акционердик коомдордун мүлкүн концессияга берүүгө байланышкан укук мамилелерин акционердик коом жана концессионердин ортосундагы макулдашуулардын негизинде концессиялык орган жөнгө салат.

Равшан Жээнбеков ушундай маалымат бергенден кийин депутаттар долбоорго өкмөт акционердик коом концессияга акциясын эмес, мүлкүн бере тургандыгын такташты.

Ушундан улам депутаттар мындай жобо стратегиялык маанидеги ишканаларды өкмөт өз билгениндей берүүгө жол ачат дешип, ишканалар концессияга Жогорку Кеңештин гана макулдугу менен берилсин жана менчиктештирүүгө тыюу салынган акционердик коомдорго бул жобо таркатылбайт деген жобону киргизүүнү талап кылышты.

Айрым депутаттар мүлк башкарууга эмес, пайдаланууга гана берилет деген жобону да киргизүүнү сунушташты. Равшан Жээнбеков өкмөт мындай сунуштарды карап көрүп, киргизүүгө макул экендигин билдирген менен Ишенбай Кадырбеков палатаны мыйзамды такыр эле кабыл албоого чакырды:

-Мыйзам өлкөнүн кызыкчылыгына карама-каршы келет жана Кыргызстандын эгемендигине кайра орду толгус кесепетин тийгизиши мүмкүн.

Ишенбай Кадырбеков бул оюн ишканаларды концессияга бергенден кийин мурда ал ишкананын акционери болгон кыргыз атуулдары такыр эле четке чыгып, чет өлкөлүктөр анын толук ээси болорун билдирди.

Андан тышкары мыйзамда мүлк талаш болгондо кыргыз тарап эл аралык сотко кайрылуусуна негиз берчү жобо жок экендигин, мамлекет ишкананын мүлкүн берүүгө эмес, өзүнө тиешелүү гана акциясын берүүгө укуктуу экендигин жана долбоор бир катар мыйзамдарга карама-каршы келээрин эскертти.

Депутат ошондой эле энергетика тармагын чет өлкөлүктөргө берип жиберип, кризиске кабылган Грузия менен Казакстанды мисалга тартты.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Равшан Жээнбеков Ишенбай Кадырбековдун келечекке минтип камтама болгон оюна негиз жок деди:

- Азыр кандай болорун эч ким айта албайт. Ишенбай Дүйшөмбиевич, сиз айткан көрүнүштөрдүн болушу да, болбой калышы да толук мүмкүн. Ошон үчүн сөзсүз түрдө ошондой болот деп айткан таптакыр туура эмес.
XS
SM
MD
LG