Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:20

ЕВРОПА ИРАНДЫ КЕПКЕ КЕЛТИРҮҮГӨ АРАКЕТТЕНҮҮДӨ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 20-октябрь күнү Германия, Франция жана Британия Ирандын ядролук программасы боюнча сунуштарын киргизди. Ага ылайык Иран уранды байытууну токтотуп, ядролук обьекттерин МАГАТЭнин инспектолоруна ачып берүүсү керек. Буга жооп иретинде аталган үч өлкө Иранга Еврошаркет менен соода кылууда жеңилдиктерди берип, жаңы, коопсуз атомдук технологияны үйрөтмөкчү болуп жатат.

Германия, Франция жана Британиянын тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү менен Ирандын өкмөт өкүлдөрүнүн жолугушуусу бейшемби күнү Венада өттү. Бирок прессага ашыкча маалымат чыгарбоо максаты менен жолугушуу боло турган жер, ага катыша турган дипломаттардын ысымдары жашыруун кармалды.

Сүйлөшүүгө чогулган европалык дипломаттар Иранга МАГАТЭ менен кызматташууга дагы бир мүмкүндүк берип, өлкөнүн ядролук программасы жөнүндөгү маселени Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине чыгарбоо максатын көздөштү.

25-ноябрда МАГАТЭнин башкармалыгы Иран агенттиктин талабын ойдогудай аткарган-аткарбаганын талкуулап, колго койот.

Стокгольмдогу Эларалык тынчтыкты изилдөө институнун эксперти Шэннон Кайл Европа өлкөлөрү Иранга саясий жана экономикалык жеңилдиктерди сунуш кылганын айтат:

-Алар Иран менен соода сүйлөшүүлөрүн баштап, саясий алакаларды жакшыртууну, коопсуздук, маңзат аткесчилиги жана уюшкан кылмыштуулук жаатында кызматашууну сунуш кылышты.

Бирок Иран Европа өлкөлөрүнүн бул жолку сунушуна кандай жооп берээри белгисиз. Шаршемби күнү Ирандын президенти Мухамад Хаттами анын өлкөсү атомдук энергетиканы тынчтык максатта өнүктүрүү укугун сактап кала турганын билдирди:

-Европалдыктардын эмнелерди сунуш кылаарын азырынча билбейм. Бирок биз өз ара түшүнүшүүгө келүү максаты менен сүйлөшүүгө даяр экенибизди айтам. Ядролук технологияны тынчтык максаттарда МАГАТЭнин көзөмөлү астында пайдаланганыбыз үчүн касапка калууну каалабайбыз. Биз ядролук технологияга ээ болуу укубуздун таанылуусун каалайбыз.

АКШ Европа өлкөлөрүнүн сунуштарына Иран кандай жооп берээрин, эки арадагы кыймылга үзбөй көз салып, чыдамсыздык менен күтүп жатат. Өткөн жумада Германия, Британия жана Франциянын өкүлдөрү расмий Вашингтонду даярдалып жаткан сунуштар менен толук тааныштырып чыккан. Бирок бул Вашингтондун Ирандын ядролук программасына болгон камтамачылыгын баса алган жок. Шаршемби күнү Мамдепартаменттин өкүлү Ричард Баучер мындай деди:

-Ирандын ядролук технология жаатындагы аракеттери бизди көптөн бери камтама кылып келатат. Өлкө МАГАТЭнин талаптарын аткарыш үчүн эч нерсе кылган жок. Ал эл аралык макулдашууларды аткарууга ниети жок экенин көптөн бери көрсөтүп келатат. Ошон үчүн бул маселени Коопсуздук кеңешинин кароосуна өткөрүп берүү керек.

Германия, Франция жана Британиянын сунушуна ылайык Иран уранды байытууну токтотуп, ядролук обьекттерин МАГАТЭнин инспекторлоруна толук ачып берүүсү керек. Ага жооп иретинде европалык үч өлкө Ирандын атомдук реактолорун алда канча коопсуз "жеңил суу" менен иштөө режимине өткөрүүгө көмөктөшүп, өлкөгө Еврошаркет менен соода кылууда бир катар жеңилдиктерди бермекчи.

Европа өлкөлөрү Иранды былтыртан бери кепке келтирүүгө аракеттенип келатышат жана эксперттердин кыйласы Европанын бул жолку арачылыгы Иранды эл аралык санкциялардан сактап калуунун акыркы аракети болуп калышы ажеп эмес экенин айтышат.

Ошого карабастан МАГАТЭнин башкармалыгында каралган учурда бул маселе Коопсуздук кеңешинин кароосуна өтпөй калышы мүмкүн. Швециялык эксперт Шэнон Кайл 35 мүчөдөн турган башкармалыкта Швеция, Түштүк Африка жана Бразилия сыяктуу ядролук технологияны тынчтык максатта кеңири пайдаланып келаткан өлкөлөрдүн өкүлдөрү бар экенин жана алар Иранды коопсуздук кеңешине салуу менен өз өлкөлөрү үчүн терс прецендент түзүүнү каалабай тургандыктарын айтат.

Европа өлкөлөрүнүн Иранга жасаган сунушуна Россия азырынча эч кандай комментарий бере элек. Москва учурда Бушхердеги реактор үчүн ядролук отун сатуу жана күйүп бүткөн отунду Россияга кайтарып берүү маселелерин Тегеран менен талкуулап жатат.
XS
SM
MD
LG