Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Салык кодексинин жаңы долбоору талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Салыктар, бажы жана башка жыйымдар боюнча комитети жаңыдан иштелип чыккан Салык кодекси боюнча коомдук талкуу өткөрдү. Ага негизинен Кыргызстандын ишкерлери катышты. Жыйында көпчүлүк ишкерлер жана комитет мүчөлөрү президенттин атайын жардыгы менен түзүлгөн комиссия тарабынан иштелип чыккан Салык кодексинин жаңы долбоорун сынга алышты.

Анда маалымдалгандай Кодекстин долбоору боюнча жалпысынан 1,5 миңге жакын сунуш-пикирлер түштү. Жыйындын катышуучулары жаңы Салык кодекси ишкерлердин кызыкчылыктарына жооп бербейт деген пикирлерин билдиришти.

«Марко аудит» компаниясынын төрагасы, өлкөнүн мурдагы каржы министри Султан Медеров салык бюрократиясы ишкердерди жеңип кетти деп белгиледи. Ал эми депутаттар Акылбек Жапаров жана Алишер Сабиров өкмөттүк комиссия тарабынан иштелип чыккан Салык кодексине альтернативалуу долбоор иштеп чыгууну сунушташты.

XS
SM
MD
LG