Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Кыргызстандык саясатчылары АКШ менен таанышат


БИШКЕК. «Асаба» партиясынын жетекчиси Азимбек Бекназаров, «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясынын жетекчилеринин бири Жыпар Жекшеев жана «Алга, Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин төрагасы Болот Бегалиев 22-октябрда АКШга кетишет. Жыпар Жекшеевдин айтымында, алар Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаментинин атайын программасына ылайык баратышат.

Кыргызстандык саясатчылар АКШнын Вашингтон, Калифорния, Флорида жана башка штаттарында болушат. Партия өкүлдөрү Кошмо Штаттарында 2-ноябрда боло турган президенттик шайлоонун өтүшү, ал өлкөнүн саясий партияларынын ишмердүүлүгү менен таанышышып, бир катар жолугушууларды өткөрүшөт. Кыргызстандык саясатчылар 14-ноябрда өз мекенине кайтып келишет.

XS
SM
MD
LG