Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:33

Шинжаң уйгур автоном районунда Кыргызстандын консулдугу ачылат


БИШКЕК. Кытайдын Шинжаң уйгур автоном районунун борбору Үрүмчү шаарында жакынкы күндөрү Кыргызстандын консулдугу ачылат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыктын" кабарчысына тышкы иштер министрлигинин миграция департаментинин башчысы Зафар Хакимов билдирди. Анын айтымына караганда, Кытайда соңку бир аптадан бери Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгынын жетекчиси Руслан Казакбаев иш сапары менен жүрөт. «Жаңы консулдук түрдүү себептер менен Кытайга барган кыргыстандык атуулдардын укугун коргоого көмөктөшөт» деп кошумчалады Зафар Хакимов.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG