Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:34

Коррупциянын деңгээли боюнча Кыргызстан алдыңкы катарда


БИШКЕК. «Трансперенси Интернешнл» эларалык уюму 2004-жылдын ичинде 146 мамлекеттеги коррупциянын абалы боюнча иликтөөсун жарыялады. Ага ылайык Кыргызстан коррупциянын өнүгүшү боюнча 146 өлкөнүн ичинде 122 орунду ээледи. Ушул эле орунда Казакстан, Гватемала, Нигерия, Судан, Чад өңдүү өлкөлөр турат.

КМШга кирген мамлекеттердин арасында коррупциянын деңгээли эң төмөн өлкө катары Беларус, ал эми коррупция эң өнүккөн мамлекет деп Азербайжан белгиленген. Иликтөөдө дүйнө боюнча коррупциянын орду эң төмөн өлкө – Финляндия, ал эми коррупция эң жогору өнүккөн өлкөлөр – Бангладеш менен Гаити экендиги тастыкталды.

«Трансперенси Интернешнл» эларалык уюму 1993-жылы коррупцияга каршы жана бийликтин ишмердүүлүгүнүн тунуктугу үчүн күрөшүү максатында түзүлгөн. Анын жыйынтыктары иликтөөлөр жүргүзүлгөн өлкөлөрдүн атуулдарынын, ошондой эле чет элдик эксперттер менен эл аралык уюмдардын сурамжылоолоруна негизделет.

XS
SM
MD
LG