Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:14

Энергетика тарамагын менчиктештирүү маселеси каралбай калды


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынында күн мурунтадан белгиленгендей өлкөнүн энергетика тамагын менчиктештирүү маселеси каралбай калды. Ага палатадагы опозициячыл жана ортомчул маанайдагы он сегиз депутаттын энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы болушуп, каттоодон өтпөй койгондугу себеп болду.

Талаш-тартыштан соң депутаттар «Концессия жана чет өлкөлүк концессиялык ишканалар жөнүндө» мыйзамдын долбоорун талкуулого киришишти.

Белгилей кетүүчү нерсе - Мыйзам чыгаруу жыйынындагы оппозициячыл жана айрым ортомчул маанайдагы он беш депутат энергетика тармагын менчиктештирүү маселесин кароодон баш тартышып, аталган палатанын 19-октябрдагы отурумун да үзгүлтүккө учуратышкан. Ошол эле күнү алар элге кайрылуу жолдошуп, Кыргызстандын аткаруу бийлиги өлкөдөгү эң кирешелүү тармакты палатадагы өкмөтчүл маанайдагы депутаттарды макулдатуу жолу менен арзыбаган баага саттырып жаткандыгына каршы болгондуктан ушундай кадамга барып жаткандыгын билдиришкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG