Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:35

Президенттик шайлоого үч күн калганда Путин Украинага барат


Келерки аптада Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага бармакчы. Ал Киевке президенттик шайлоого үч күн калганда барат.

Ушул тапта ишмердүүлүгүн аяктап жаткан президент Леонид Кучманын администрациясынан билдиришкендей, Путиндин сапары Экинчи дүйнөлүк согушта Киевди нацисттерден бошотуунун 60 жылдык мааракеси менен байланыштуу.

Леонид Кучма 31-октябрда өтө турган президенттик шайлоодо премьер-министр Виктор Януковичти колдойт.

Ал эми батыштык саясатка ык алып турган оппозициялык талапкер Виктор Ющенко Путиндин Украинага сапарын ырасмий Киев көрсөткөн талапкерге саясий колдоо көрсөтүү максаты менен байланыштырды.

Дүйнөдөгү акыркы кабарларды Прагадан Төрөкул Дооров даярдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG