Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

Европа мамлекеттери Иранды колдоого даяр


Франциянын, Британиянын жана Германиянын өкүлдөрү Венада Ирандын ырасмий өкүлдөрү менен жолугушту.

Айрым маалыматтарга караганда, эгер Иран европалык мамлекеттерди чындап эле өзөктүк курал өндүрбөй жатканы тууралуу ишендире алса, анда алар Иранга алдыңкы технологиялуу атомдук реакторду куруп берүүгө жардамдашат. Бул реакторду тынчтык максатында гана колдонууга мүмкүн.

25-ноябрда Венада Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Ирандын өзөктүк программасын талкууламакчы. Эгерде Иран уранды байытуу ишин токтотпосо МАГАТЭ бул маселени Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине өткөрүп бериши мүмкүн. Өз кезегинде, Коопсуздук Кеңеши Иранга айрым санкцияларды киргизиши да ыктымал.

АКШ Иранды өзөктүк курал жасап жатат деп күнөөлөгөн. Ал эми ырасмий Тегеран бул өңдүү айыптарды кескин четке кагып келет.
Кечээ АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Ричард Баучер Вашингтондо өткөн маалымат жыйынында мындай деди:

-Биздин буга мамилебиз мурдагы бойдон кала бермекчи. Иран, тилекке каршы, МАГАТЭ койгон талапты аткаруу үчүн эч кандай аракет көргөн жок. Тетирисинче, ал узак убакыт бою агенттиктин талабын аткарбоо каалоосун даңазалады. Андыктан, бул маселе эми Коопсуздук кеңешине өткөрүлүшү зарыл деп ойлойбуз.

XS
SM
MD
LG