Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

"Азаттык" радиосунун кыргызча берүүлөрү обого чыгып келатканына 51 жылдан ашты. Ушул жылдар аралыгында, тактап айтканда, Советтер Союзу маалында биздин радио кандай кызмат аркалаган, анда кандай кишилер иштеп, угармандар кандай таасир алышкан? "Азаттыктын" архиви АКШдагы Стэнфорд университетинде сакталып турат. Мындан ары ар дүйшөмбү күндөрү ошол архивдин негизинде сиздерге "Жарым кылым ободо" түрмөгүнөн радионун басып өткөн жолу тууралуу берүүлөрдү сунуш этебиз.

"Төлөмүш Жакып уулу: "Азаттык радиосу сүйлөйт! Түркестан редакциялары боюнча...""

Бул "Азаттык" радиосунун 60-жылдардагы программасынан үзүндү. Бул үзүндүдөн сиздер биздин радиого 40 жылдай өмүрүн арнаган маркум Төлөмүш Жакып уулунун үнүн уктуңуздар.

"Азаттык" радиосу деги эмнеден башталган? 1940-жылдары Батышта жашап калган кыргыз, казак, түркмөн, өзбектер уюшуп түзгөн "Түркэли" кыймылы, алар басып чыгарган "Түркэли" журналы алдына кандай максаттарды койгон? Ошол уюмдардын максат-мүдөөсүн улантып, 1953-жылы Советтер Союзуна өз берүүлөрүн тарата баштаган "Азаттык" радиосу, анда иштеген кишилер, программаларды уккан адамдар – ушулардын баары мени - ардагер-журналист Азамат Алтай менен маектешүүдөн кийин кызыктырып калды. Азамат Алтай - "Азаттык" радиосунда 1953-жылдын 18-мартында эң алгачкы кыргызча берүүнү алып барган адам:

-"Азаттык" радиосу ачылганда, биз Түркстан редакциясы деп ачтык. Түркстан редакциясына башкы редактор болуп Асанкайгы деген Хайделберг, Ленинграддагы университетти бүтүргөн казак дайындалды. Америкалыктар айрым шарттарды койду, калкынын саны көп республикалардын улуттук редакциясы ачылат деген. Ошондо биз кыргыздар Түркстан редакциясында 3-орунда турдук. Мен редакциянын спикери болуп дайындалдым. Эң алгачкы жолу Сталиндин өлгөн күнүнө карата Авторханов жазган макаланы 21 тилге которуп окудук. Мен 1953-жылы 18-мартта ошол макаланы кыргызча окуп чыктым. Биринчи жолу обого чыгып жатып, мени көп кыргыздар угуп жатат деп толкунданып, колум титиреп, кагаз шылдырап, араң окуганым эсимде.


Өкүнүчтүүсү, радионун 1950-60-жылдардагы, дегеле Советтер доорундагы кыргызча берүүлөрүнүн кассетага жаздырылган тасмалары дээрлик сакталып калбаптыр. Аз-маз гана колго тийгендерин сиздерге "Азаттыктын" тарых барактары катары элестүү болуш үчүн угузуп турууга аракет кылабыз. Балким, келечекте дагы башка эски аудиотасмалар табылып калышы мүмкүн деген үмүт да жок эмес.

Айтор, АКШ Конгрессинин чечими менен "Азаттык" радиосунун ондогон редакцияларынын 1950-жылдардан тартып 1995-жылга чейинки документ-материалдары Американын Стэнфорд университетине караштуу Гувер институтуна жеткирилген. Ошол жерде радионун эбегейсиз архивин тейлеп-тескеген, аудиоматериалдар менен документтерди туура шарттарда, тактап айтканда, тийиштүү температурада, муздатылган бөлмөлөрдө сактап, иретке келтирүү иши менен кесипкөй архив кызматкерлеринин чоң бөлүмү алектенет экен. Дүйнөнүн булуң-бурчунан барган изилдөөчүлөр, айрыкча "кансыз согуш" доорун изилдегендер анын бир ачык күзгүсү катары "Азаттык" радиосунун архивине да кызыгышат.

Гувер институтунда Батыш өлкөлөрүн айтпаганда да, Кытай, Жапониядан барып, биздин радионун архивин казып жүргөндөрдү учураттым. Анткени ар заманда, айрыкча азыркы биздин доордо маалыматтын таасири, күчү, ролу улам артып бараткан чакта эл аралык маалымат каражаттарынын тажрыйба-тарыхынын мааниси да артары абзел.

АКШнын Калифорния штатындагы Гувер институтунда кыргызча берүүлөрдүн аудиотасмалары аз болгону менен, 1950-жылдардын аягынан тарта ал берүүлөрдүн кагазга түшүрүлгөн нускалары, Кошмо Штаттардын ал кездеги Борбор Азияга карата маалымат саясаты, "Азаттыктын" ички редакциялык кагаздары, айрым угармандардан алынган каттар, редакция булак катары пайдаланган кыргыз гезит-журналдары жана башка толгон-токой документ-материалдарды далай жыл изилдесе да аз болчудай.

Өкүнүчтүү жери деп аудиотасмалар аз сакталганын айта кетсем, эми "Азаттыктын" азыркы жана келечектеги изилдөөчүлөрүн кубандырчу жагдай катары биздин ардагерибиз Азамат Алтайдын жеке архивин айта кетпесем болбойт.

Ушу тапта Нью-Йоркто жашап жаткан Азамат агай өзүнүн архивинин радиого тийиштүү маанилүү бөлүгүн Кыргызстанга жөнөткөн экен, чет өлкөдө жашап калса да, кыргыз тарыхы менен маданиятын изилдөөгө кошкон салымын айгинелеген документ-материалдарынын калган бөлүгү АКШдагы Колумбия университетинде сакталуу.


Кандай болгон күндө да, 1940-50-жылдары тагдырдын буйругу менен Батышта же башка чет өлкөлөрдө жашап калган жердештерибиздин өз мекениндеги окуяларга кайдыгер болбой, элинин келечеги үчүн, эгемендиги үчүн колунан келишинче кызмат өтөгөнү айрыкча азыркы муундар үчүн сабак болчу көрүнүш эмеспи.

Ошондуктан мындан ары сизерди ар дүйшөмбү күндөрү "Азаттыктын" басып өткөн жолуна арналган "Жарым кылым ободо" берүүсүн угууга чакырабыз.

Сүрөттө (архивден): Былтыр "Азаттык" 50 жылдыгын белгиледи.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG