Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Ирандын өзөктүк изилдөөлөрүн токтотуу максатында ага жаңы сунуш жасалды


Вена шаарындагы Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттикте 21-октябрда өткөн жыйында Алмания, Франция жана Улуу Британиянын өкүлдөрү Иранга жаңы сунуш жасады. Ага ылайык, эгер Тегеран уран байытуу аракеттеринен баш тартса, өлкөгө башка өзөктүк технологиялар боюнча жардам көрсөтүлөт жана Европа Биримдигине кирген өлкөлөр менен болгон соодада жеңилдиктер берилет. Жыйынга катышкан Ирандын өкүлү Сайрус Насеринин айтымында, Тегеран бул сунуштарды караштырып көрөт. Агенттик сентябрда кабыл алган чечимге ылайык 25-ноябрга чейин Иран өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрү боюнча толук отчет берүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG