Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:42

Беларуска каршы жаңы эл аралык чектөөлөр жарыяланышы мүмкүн


АКШ Мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Ричард Баучердин айтымында, Беларуска каршы чаралар жакын арада катууланышы мүмкүн:

-Президент кол койгон мыйзам - биз Беларус тууралуу канчалык тынчсызданганыбызды көрсөтөт. Бул өлкөнүн жетекчилиги өз элине, жарандык коомго, маалымат каражаттарына, илимий мекемелерге, демократиялык жана адам укуктарын коргогон уюмдарга каршы катуу саясатын ого бетер күчөтүүдө.

АКШ Беларуска каршы мурда эле чектөө киргизген, мисал үчүн, өлкөгө гуманитардык жардамдан башка көмөк көрсөтүлбөй калган. Президент Александр Лукашенко жана анын жакын саясатчыларынын АКШга келишине тыюу салынган. 20-октябрда президент Жорж Буш кол койгон мыйзамдын негизинде болсо эми Беларустун экономикасына инвестиция салууга тыюу салынып, Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта корунун өлкөдөгү аракеттери чектелиши мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG