Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Ирак түрмөсүндөгү мазактоолор үчүн дагы бир америкалык аскер соттолду


Багдад шаарынын алдындагы "Абу-Грейб" абагында кармалган ирактык туткундарды мазактаган деген күнөө менен кечээ күнү бир америкалык сержант кесилди. Ирактагы америкалык аскерий жетекчиликтин өкүлү Дэн Бажжионун айтымында, анын аты Айвен Фредерик:

- Аскерий сот сержант Фредериктин сержанттык наамын алып, аны катардагы солдатка чейин төмөндөттү. Андан тышкары анын бардык артыкчылыктары алынып салынды жана Фредерик он жылга эркинен ажыратылууга кесилди. Бирок сотко чейин түзүлгөн келишим боюнча анын түрмө мөөнөтү сегиз жылга чейин кыскартылды.

"Абу-Грейб" чатагы менен байланыштуу буга чейин катардагы солдаттар гана соттолгон.

XS
SM
MD
LG