Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:24

ИШКЕРЛЕР ЖАҢЫ САЛЫК КОДЕКСИНЕН КӨРӨ МУРДАГЫСЫ ЖАКШЫ БОЛЧУ ДЕШЕТ


Сапар Орозбаков, Бишкек 21-октябрда Мыйзам чыгаруу жыйынынын салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча комитети ишкерлердин жана мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Салык кодексинин жаңы редакциясы жөнүндө талкуу өткөрдү. Талкууда депутаттар жана ишкерлер жаңы редакция салык органдарынын кызыкчылыгын көздөп жазылып, ишкерлердин укугу корголбой калгандыгын, жоюлат деп айтылган салыктын түрлөрү ошо бойдон калтырылгандыгын, чакан жана орто бизнеске эч кандай жеңилдик берилбей эле, төлөй турган салык тескерисинче, көбөйө тургандыгын айтышты. Алар бул жаңы Салык кодексинен көрө эскиси жакшы эле дешет.

Депутаттардын жана коомдук талкууга катышкан ишкерлердин алдына Салык кодексин даярдап чыгуу боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын мүчөсү, каржы министринин орун басары Мурат Исмаилов менен Эксперттик топтун жетекчиси Андрей Красников чыгып сүйлөшты. Алардын айтымында, Салык кодексинин жаңы редакциясы бүтө жаздап калды.

Алардын билдирүүсүнө караганда, баардыгы болуп 1,5 миң сунуш түшкөн. Анын кыркы дале талаш бойдон калып, эксперттик топ азыр ошол талаш маселелерди чечүүнүн үстүндө иштеп жатат.

Ошону менен бирге жаңы кодекстин бюджетке тийгизер таасири да иликтенүүдө. Экспертитк топ азыркы талапка жооп бергидей жакшы кодекс иштелип чыкты деген ойдо:

- Салык кодексинин курамы бүткүл дүйнө жүзүндөгү, анын ичинде КМШ өлкөлөрүндөгү салык мыйзамдарынын өнүгүшүнүн негизги багыттарын чагылдырат. Салык кодекси жакын жайгашкан өлкөлөрдүн ишкерлерине түшүнүктүү болууга жана биздин ишкерлер ал өлкөлөрдүн экономикасына кирип, инвесторлор менен өздөрүнүн карым –катнаштарын жеңил түзүүгө багытталды,-деди Эксперттик топтун жетекчиси Андрей Красников.

Ишкерлер Салык кодексинин жаңы редакциясы иштелип чыкса айрым жеңилдиктер болуп, азыркы оор салык жүгүнөн арылабыз деп үмүт кылышкан. Талкуунун жүрүшүндө алардын үмүтү акталбагандыгы даана эле байкалып турду.

Биринчи болуп сүйлөгөн депутат Алишер Сабиров жаңы редакция мурда айтылгандай кыска жана ишкерлерге түшүнүктүү тил менен жазылбай эле, тескерисинче, өтө узун сөз менен берилип, көп жерлери так эмес экендигин белгиледи. Ал жаңы редакцияда салык органдарына өтө көп укук берилип жаткандыгына күйүп-бышты:

-Силердин кодексиңер салык төлөөчүлөрдүн баары кылмышкер, баары салыктан качат, аларга айланта чек коюп, андан чыга албагандай кылыш керек деген негизде түзүлгөн. Силердин кодекстин идеологиясы ушул.

Сабировду Салык боюнча кеңешчилер палатасынын өкүлдөрү да колдошту. Палата салык кодексинин жаңы редакциясы мурдагы кодекстен да начар болуп калды деп эсептейт:

-Салык кодексинин жаңы редакциясы андагы туура келбестиктерди жана карама-каршылыктарды жоё албайт, чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө шарт түзбөйт. Негизгиси - анын көп беренелери салык төлөөчүлөрдүн абалын азыркы Салык кодексине караганда да начарлатат,- деди Салык боюнча кеңешчилер палатасынын башкармалыгынын төрайымы Наталья Галямова.

Талкууга катышкандардын айрымдары жоюлат деп айтылган жолго жана өзгөчө кырдаалга байланыштуу салыктар жаңы редакцияда калтырылып, мурда убада кылынгандай салык азайбагандыгын айтышты.

«Марка аудит» компаниясынын жетекчиси Султан Медеров болсо патент менен иштей турган ишкерликтин түрлөрүн азайтуу идеясына өзгөчө каршы чыкты. Ал Кыргызстандын экономикасы негизинен чакан жана орто бизнестен турарын айтып, эгерде патент жоюлса, бул өлкөнүн жалпы экономикасына чоң сокку болорун эскертти:

- Иш жүзүндө Салык кодексинин жаңы редакциясы ким жеңет – салык бюрократиясы жеңеби же ишкерлик жана биздин экономиканын өнүгүшүнө багытталган ой-максат жеңеби деген күрөшкө айланды. Тилекке каршы, азыр биз таанышып чыккан Салык кодексинин жаңы редакциясына карап, салык бюрократиясы жеңип кетти деп айтыш керек, –деди мурда Каржы министрлигин жетектеп, кызматтан бошогондон кийин ишкер болуп кеткен Султан Медеров.

Салык кодексинин жаңы редакциясына ичи чыкпаган депутаттар жана ишкерлер ишти жакшыртуунун жолдору тууралуу да ой бөлүштү. Депутат Алишер Сабиров ишкерлерди альтернативдүү Салык кодексин иштеп чыгууга чакырды. Талкууну уюштурган Мыйзам чыгаруу жыйынынын салык комитетинин башчысы Акылбек Жапаров өзүнүн комиссияга теңтөрага болуп киргизилгендигин, бирок анда ишкерлер аздык кылып, эч нерсе кыла албай койгондугун айтып актанды. Ал альтернативдүү Салык кодексин даярдоо тууралуу депутат Сабировдун сунушун колдоду. Бирок бул маселе биротоло чечилген жок. Каражат табылса, аны ишкерлер кийин өздөрү кеңешип чечмек болушту.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Президенттин жардыгы менен Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу тууралуу өкмөттүк комиссия түзүлгөн болчу. Комиссия аны 15-майга карата бүтүүгө тийиш эле. Бирок талаш-тартыш маселе көп болгондуктан комиссия өз ишин азыркыга чейин аяктай элек. Каржы министрлиги иш бүтө жаздап калды деп ишендиргенине карабай, айрым эксперттер аны кабыл алуу келерки жылга калтырылышы мүмкүн экендигин айтып жатышат.
XS
SM
MD
LG