Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:22

ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫН МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРДЫН ТАЛАБЫБЫ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Крис Лавлэйс мындан бир нече күн илгери мамлекет башчысы Аскар Акаевге кайрылуу жолдогон. Анда эгерде үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына чейин энергетика жана газ тармагы менчиктештирилип, электр энергиясынын баасы көтөрүлбөсө Кыргызстанга Дүйнөлүк банк тарабынан берилүүчү кезектеги транш токтотулуп, өлкөнүн тышкы карызынын айрым бөлүгү жоюлбай калаары эскертилген. Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн мындай кайрылуусу саясатчылар арасында ар кандай пикирлерди жаратты.

Кайрылуу катында кыргыз өкмөтүнүн CSAC программасынын алкагында Дүйнөлүк банктын алдында алган милдеттемелерин так аткара албай жаткандыгы белгиленген.

Айтмакчы, премьер-министр Николай Танаев буга чейин өкмөт жыйынында CSAC программасы боюнча түзүлгөн кредиттик келишимдин мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын декабрь айында соңуна чыгарын билдирип, эгерде Кыргызстан аталган программаны ийгиликтүү аткара турган болсо Дүйнөлүк банк тарабынан өлкөгө 19 миллион доллардык үчүнчү транш берилээрин маалымдаган.

Белгилей кетүүчү нерсе - Дүйнөлүк банктын жетекчилиги өз кайрылуусунда президенттик администрацияга жана кыргыз өкмөтүнө төрт пункттан турган шарт койгон. Ага ылайык үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына чейин кыргыз парламентинде энергетика, газ тармагы менчиктештирилип, андан соң электр энергиясына болгон бааны бир сом он тыйынга чейин көтөрүү талап кылынган. Ошондой эле электр энергиясы үчүн карызы бар саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарба жана башка бюджеттик мекемелерге электр энегиясын берүүнү токтоосуз токтотуу керек деп белгиленген.

Дүйнөлүк банктын мындай карылуусу буга чейин коомчулукка ачык жарыяланбай келген. Бирок энергетика тармагын менчиктештирүү маселеси парламентте каралганда өкмөт башчы Николай Танаев жана башка өкмөт мүчөлөрү эл аралык уюмдардын жогорудагыдай талабы боюнча коомчулука бир нече курдай айтышкан:

-Эл аралык уюмдар менен түзүлгөн программаларда энергетика тармагын менчиктештирүү жазылган. Мына ушундай үч-төрт мыйзамды кабыл алуу белгиленген. Ошондон улам биз сиздерден энергетика тармагын менчиктештирүүнү суранып жатабыз,-деген эле биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев.

Ошентип өлкөнүн эң кирешелүү делинген энергетика тармагын менчиктештирүү эл аралык уюмдардын талабына ылайык ишке ашырылып жаткандыгын аткаруу бийлигинин өкүлдөрү жана депутаттар ачык эле мойнуна алышат.

Мына ушундан улам Кыргызстан дүйнөлүк донор уюмдарга канчалык деңгээлде көз каранды, эл аралык уюмдардын талабын аткарбай койсо болбойбу, дегеле башкасын айтпаганда да Дүйнөлүк банктын электр энергиясына болгон тарифти көтөрүү боюнча жогорудагыдай талабын аткарууга мүмкүнбү, деген суроолор туулат.

Мындай суроого жооп берүүгө келгенде аткаруу бийлиги менен оппозиция өкүлдөрү албетте, эки башка пикирде. Маселен, соңку жыйырма күндөн бери Мыйзам чыгаруу жыйынында энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы болгон он тогуз депутат Дүйнөлүк банктын жогорудагыдай талабын аткаруу мүмкүн эмес экенин такай айтып келишет:

- Мына ошол кайрылуусунда алар тарифти бир сом он тыйынга көтөрүп, бюджеттик мекеме, ишканаларга, ооруканаларга электр энергиясын берүүнү токтотууну талап кылышууда. Дүйнөлүк банктын мындай талабын аткаруу мүмкүн эмес. Эгерде депутаттар бул программаны колдоп бере турган болсо, биздин ансыз да оор социалдык абал мындан да кыйындап кетээри шексиз,-дейт Адахан Мадумаров.

Энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы депутаттардын жогорудагыдай пикирине аткаруу бийлигинин өкүлдөрү өз жүйөлөрүн айтышууда. Өкмөт мүчөлөрү энергетика тармагын менчиктештирүү учурда бул тармакта түзүлгөн оор абалдан улам ишке ашырылып жаткандыгын айтышат:

- Мындай кадамга биз тармакта түзүлгөн оор абалдан улам баруудабыз. Бул чечимди биз мындай абалдан чыгуу, тескерисинче, тарифтерди төмөндөтүп, элди энергия менен тейлөөнү жакшыртуу үчүн кабыл алып жатабыз,-дейт Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин башчысы Равшан Жээнбеков.

Ал эми Жогорку Кеңештин айрым депутаттары болсо энергетика эң кирешелүү тармак экендигин айтышып, мындай абалдан аталган тармакты чет өлкөлүк атуулдарга сатпай эле өз күчүбүз менен чыгууга болот дешет:

-Энергетика тармагындагы бардык ишканаларды бириктирип туруп бир министрлик түзүп, бир жетекчи дайындаш керек. Ал жетекчи кирешелүү тармакты тез эле эч кимден жардам албай өз каражаты менен оңдоп кетет. Бирок аткаруу бийлиги ал жолго барбайт. Алардын максаты талап-тоноп, бөлүп-бөлүп, кудуретсиз кылып менчиктештирүү, -дейт Адахан Мадумаров.

Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн жетекчилигинин жогорудагыдай кайрылуусунан улам Кыргызстандын аткаруу бийлиги энергетика тармагын менчиктештирүүгө аракет жасап жаткандыгы ачыкталды.

Бийликтин мындай талабына айрым депутаттар макул болбой, бир нече күндөн бери өкмөттүн сунушу четке кагылууда. Талаштуу маселе кандай чечилет аны - убакыт көрсөтөт.
XS
SM
MD
LG