Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Коррупция болгон-болбогону иликтенип жатат


НЬЮ ЙОРК. Көз карандысыз комиссия Улуттар уюмунун Ирак боюнча "Мунай үчүн азык-түлүк" программасында коррупция болгон-болбогонун иликтөөдө. Комиссиянын айтымында, Россиялык компаниялардын энчисине дүйнө рыгонуна сатылган Ирак мунайынын үчтөн бири туура келип, россиялык компаниялар аркылуу сатылган мунайдын жалпы баасы кеминде 19 миллиард долларды түзгөн. Франциялык фирмалар ООНдун программасынын алкагында Ирак менен 4 миллиард долларлык келишим түзгөн. Комиссия анын отчетунда тигил же бул компанияларга кине койулбаганын белгилейт. Иликтөөнүн толук жыйынтыгы келерки жылы чыгарылат. ООНдун Ирак боюнча кабыл алган "Мунай үчүн азык- түлүк программасы" былтыр жабылган.

XS
SM
MD
LG