Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Буш менен Керри шайлоо өнөктүгүн улантып жатышат


ВАШИНГТОН. Президент Жорж Буш менен анын атаандашы Жон Керри 2-ноябрда боло турган президенттик шайлоого карата үгүт кампаниясын улантып жатышат. Алар азыр сурамжылоолорго ылайык экөө тең бирдей колдоого ээ болуп турган штаттардын шайлоочуларын өз тарабына тартууга аракеттенип жатышат. Кечээ Пенсильванияда сүйлөгөн сөзүндө президент Буш:

-Биз террорго каршы глобалдык күрөштүн чок ортосундабыз. Биз бейкүнөө кишилерди өлтүрүп, өлкөбүздү согуш майданына айлантууну көздөгөн күчтөр менен беттешип отурабыз. Террорго каршы согушта суу жүрөктүк кылууга болбойт. Анда жеңиштен башка арга жок,- деп билдирди.

Ал эми Огайо штатында үгүт кампаниясын улантып жаткан демократ Жон Керри Америка террорго каршы башка өлкөлөр менен бирге болгондо гана күрөшө ала турганын баса белгиледи:

- Мен силерге Рузвельт, Трумен, Эйзенхауэр, Кеннеди, Рейган менен Клинтонду эсимден чыгарбай турганымды айткым келет. Булар, атүгүл, Буштун атасы биз өзүбүз гана аракеттенбестен, башкалар менен шерик болгондо гана күчтүрөөк боло турганыбызды жакшы билишкен.

XS
SM
MD
LG