Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Фаллужада кагылышуулар уланууда


БАГДАД. Ирактын Фаллужа шаарынын айланасында көтөрүлүшчүлөр менен америкалык аскерлердин жаңы кагылышуулары болду. Америкалык командачылыктын айтымында, көтөрүлүшчүлөрдүн позицияларына абадан сокку урулду.

Анын аралыгында, британиялык генерал Майкл Уокер Ирактын түштүгүнөн өлкөнүн борбор чөлкөмдөрүнө 850 британ аскеринин жылдырылышы Фаллужадагы көтөрүлүшчүлөргө каршы чечкиндүү чара көрүүгө мүмкүндүк бере турганын айтты. Британ солдаттарын көчүрүү жөнүндөгү чечим Британ өкмөтү тарабынан кечээ кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG