Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

ИРАК: БРИТАН АСКЕРЛЕРИ АКШ АСКЕРЛЕРИН ЖАЛГЫЗСЫРАТПАЙТ


Британия өкмөтү Кошмо Штаттардын өтүнүчүн утурлай Ирактын борбордук аймактарына өз аскерлерин жибермек болду. Коргоо министри Жэфф Хундун айтымында, мындай чечим жагдайды кылдат иликтөөдөн кийин кабыл алынган. Ага ылайык Британиянын 850 чамалуу аскерлери Ирактын түштүгүнөн Багдадга жакын аймактардын бирине келип жайгаштырылат. Бул америкалык аскерлерге негизги күчтү ирактык козголоңчуларга каршы топтоо мүмкүндүгүн жогорулатат. Азыр Иракта АКШнын 140 миңдей жоокери бар.

Бейшемби күнү бир жума бою созулган талкуудан соң Британ өкмөтү 850дөй жоокерин Ирактын ортолук аймагына жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алды. Өлкөнүн коргоо министри Жэфф Хун 21-октябрда британ парламентинде сүйлөп, аскерлердин өмүрүнө ашыкча коркунуч жок экенин белгиледи:

-Штабдын акими абдан кылдат изилдөөдөн кийин Британия сунуш кылынган операцияга катышса болот деп кеңеш берди мага. Бул зарурат аскерий операция үчүн керек болууда жана Британиянын куралуу күчтөрүнө болгон коркунуч кабыл алынган деңгээлден ашпайт.

Хун аскерлерди түштүктөгү Басрадан Багдаддын түштүк ныптасына которуу чечими Кошмо Штаттардын өтүнүчүнөн улам кабыл алынганын да тастыктады:

–Аскерлердин кеңешине таянып, өкмөт АКШнын жардамдашуу өтүнүчүн аткарууну макул тапты.

Британ куралдуу күчтөрүнүн жетекчиси, генерал Майкл Уолкердин сөзүнө караганда, жоокерлер өтө кечиксе 30 күндө Багдаддын четине барып жайгашышат.

Вашингтондо союздаш Британиянын чечимин жылуу кабыл алышты. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Баучер:

-Биз аскерлерди жайгаштыруу боюнча Британ коргоо министри Хундун билдирүүсүн колдойбуз. Бул, менин оюмча, Британия көп улуттуу күчтөрдүн Ирак элине өз мекенин контролдоого жардамдашуу аракетин ишенимдүү колдоорун дагы бир ирет көрсөттү.

Тони Блэр башындагы өкмөттүн аскерлерди салыштырмалуу тынч Басрадан коогалуу аймакка жөнөтүүсү башкаруучу Жумушчу партиясынын ичинде катуу талаш-тартышты жаратты. Уруштан жабыркаган эл өз кыйынчылыктары үчүн америкалыктарга катар Британ аскерлерин да жек көрө баштайт. Бул аларга каршы жек көрүүчүлүктү күчөтөт деп тынчсызданышат Лондондо. “Аскерий жардам 2-ноябрда болчу шайлоо алдында президент Бушту колдоого багытталган жокпу?” деп сурашты Хундан Британ парламентинин мүчөлөрү. Жэфф Хундун айтышынча:

– (Аскерлерди) мындай жайгаштыруу Иракта январда болчу шайлоого тийиштүү жагдайды түзүүнүн маанилүү бөлүгү.

Британиялык аскерий эксперт Христофер Лэнгтон Ирактагы 100 миңден алда канча ашуун америкалык аскерлер алдында “Блэк Уоч” бөлүгүнүн британиялык 850 жоокери өтө аз көрүнгөнү менен, алдардан пайда көп болот деген пикирде:

- АКШнын Иракта 130 миңдей аскери бар экени чындык. Алардын алдыңкы күчтөрүнүн колу урушка байланган. Ал эми арт жакта такоордо жүргөн аскерлер - Улуттук гвардиянын бөлүктөрү - урушка даярдалган эмес жана административдик же камсыздоо иштери менен алек. “Блэк уочтун” жоокерлеринин даярдыгы АКШлык аскерлердин деңгээлинде болгондуктан, алар америкалыктарды алмаштыра алат.

“Файниэншль Таймс” гезитинин кабарлашынча, Британ аскерлери өзүнө бекитилген аймакта согуштук операцияны автономдуу өткөрөт. Бирок жалпы контрол АКШлык деңизчи аскерлердин мойнунда болот.

XS
SM
MD
LG