Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08

КЛОНДОШТУРУУ БУУнун КЫЗУУ ТАЛКУУСУНДА


Төрөкул Дооров, Прага Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын комитетинде башталган эки күндүк талкуу клондоштурууга тыйуу салуу боюнча эл аралык келишимди токтотуудагы ар түрдүү ойлордун башын бириктиргендей болду. Европа Биримдиги менен Азия мамлекеттери терапиялык клондоштуруу же түгөйлөштүрүүнү изилдөө уруксатын Улуттар уюмунун өкүлдөрүнө бериш керек деген долбоорду жактап келишет. Ал эми АКШ баш болгон айрым мамлекеттердин тобу буга каршы, анткени бул адеп-ахлакты четке кагат.

Клондоштуруу медициналык изилдөө катарында каралышы керекпи же жокпу деген суроо дүйнө коомчулугун ушул тапта эки башка жээкке бөлүп койду.

Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын комитети бейшембиде бул боюнча былтыркы талкууну кайра баштады. Бирок анын жыйынтыгында проблема боюнча эки башка ойдо турушкандар бир пикирге жетишүү бери турсун, ага жакын да бара алышкан жок.

Келишим долбоору Бельгия тарабынан киргизилген жана адамды клондоштурууга, анын түгөйүн жаратууга тыйуу салат. Долбоор мамлекеттерге медициналык максаттарда адамдын түйүлдүгүн клондоштуруу ишин изилдөөгө мүмкүндүк берет. Бирок ага киришүүнү каалагандарга репродуктивдүү клондоштуруу ишинен же адамды жасоодон оолак болуу талабын катуу койду.

Бул долбоорду жактагандардын тизмесин Европа Биримдигине кирген мамлекеттер жетектеп, Түркияны, Түштүк Кореяны жана Жапонияны, ошондой эле Беларус менен Балтика боюндагы мамлекеттерди курамына алат.

Бирок бул - клондоштуруу жаатындагы жалгыз долбоор эмес. Коста-Рика тарабынан сунуш этилген башка долбоор клондоштуруу жаатындагы баардык изилдөөлөргө тыйуу салат. Анда айтылган башкы ойлордун бири – түгөйлөштүрүү далалаты адамдын намысына балта чабат. Бул идея Америка Кошмо Штаттары, Австралия жана Италия тарабынан колдоого алынып келет. Мындан сырткары бул ойду колдогондордун арасында Грузия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан республикалары бар.

Талкууга катышкан Британиянын элчиси Жонс Перри анын өкмөтү клондоштурууну медициналык максаттарда колдонууга уруксат бергендигин, анткени бул жүрөк ооруларын айыктырууда жана диабеттен арылууда жардамы аябай эле мыкты экендигин айтты. Ал клондоштурууга толук тыйуу салуу аракетин көрүп жаткан мамлекеттерди мындан баш тартууга чакырды.

- Биз клондоштурууну медициналык максатта изилдөө ишине, башкача айтканда, терапевтикалык клондоштурууга тыйуу салууну колдобойбуз. Терапевтикалык клондоштуруу адам баласы азырынча дабаасын ойлоп таба элек айыккыс ооруларга дары болушу ммкүн деген чоң ишеним бар, - деди Жонс Перри – Британиянын элчиси.

Рим папасынын өкүлү Улуттар уюмунда байкоочулук статусуна ээ. Ал клондоштуруу маселесинде ага тыйуу салынышы керек деген ойду бекем сактап, аны жактап келгендерден. Архиепископ Селентино Миглиоре Улуттар уюмундагы талкуу учурунда айткандай, клондоштуруунун кандай формасы болбосун анын баары адамзатты урматтабагандык менен барабар.

- Терапевтикалык клондоштуруу дегени – адам болуп жарала баштаган түйүлдүктү өлтүрүп туруп, анан аны башка адамды айыктырууга колдонуу дегенди билдирет. Мунун мааниси – бирөөнүн өмүрүн сактоо үчүн, жаңы жаралган өмүрдү өлтүрүү дегенге жатат. Бул - өзүнө өзү каршы турган түшүнүксүз максат, - деп эсептейт Рим папасынын Улуттар уюмундагы өкүлү архиепископ Селентино Миглиоре.

Ал эми Түштүк Кореянын өкүлү Хан Мюнг-жа комитетке бул талкууда клондоштуруу боюнча келишим түзүүгө ашыга бербестен, бул маселени келээрки жылы эл аралык конференцияда талкуулоону сунуштады.

Ал эми клондоштурууну изилдөөгө ырасмий түрдө каршылык көрсөтүп келаткан АКШ өкмөтүнүн чечими, ошол эле замат, ички жандуу дебаттарда сындалып келет.

АКШнын президенттигине талапкер жана азыркы президент Жорж Буштун атаандашы – демократ Жон Керри түйүлдүктү клондоштурууну изилдөөнү колдойт.

Ал эми президент Жорж Буш түйүлдүктү медициналык максатта колдонуу чарасына толук каршы.
XS
SM
MD
LG