Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:07

ПУТИН КОНОКТОН КОРКУУНУ КОЙДУРА АЛАБЫ?


Муса Мураталиев, Москва 19-октябрда Владимир Путин террорчулук жана аны пайда кылуучу ксенофобия - тиричиликтеги улутчулдукка жана башка диндерге карай сабырсыздыктын кандай гана түрү болбосун алар менен чечкиндүү түрдө күрөшүү керек деп айтты. Бул тууралуу президент Москвада өткөн Бүткүлорусиялык азербайжандардын II конгессинде билдирди. Анализчилердин баамында Беслан каргашасынан кийин Орусияда расизм кыйла күчөдү. Бирок андай көрүнүш менен күрөшүүнү бийлик эмдигиче колго ала элек болчу. Ырасмий маалыматтарга караганда өлкөдө азыркы тушта улутчул уюмдарга 50 миңдей киши мүчө.

«Ксенофобия» деген сөздү которо келгенде ал «коноктон коркуу» дегенди билдирет экен. Орусияда мындай маанай ар күнү байкалып калды десек жаңылбаспыз.

Бир эле мурунку апта ичинде Санкт-Петербургда вьетнамдык студент Ву Ан Тюанды жоон топ боз уландар бычактап кетишти. Москвага капталдаш чакан шаар Долгопрудныйда төрт улан эки өзбек жумушчуну бычактап, алардын бири өлүп, бири оор жарадар жатат. Ыраакы Чыгыштагы Читада жергиликтүү өспүрүмдөрдүн кол салуусунан бир кытай мерт болду.

Иши кылып, өң-түскө карап ушинтип киши өлтүрүү күчөгөн кезде Владимир Путин көркөмдөштүрө айтканда, коногунан коркууга же ксенофобияга каршы, улутчулдукка каршы чукул чара көрүү керек деген демилге көтөрдү:

-Мамлекеттин саясаты буга окшогон көрүнүштү эң катуу жана акырына жеткенге дейре артынан түшүп жок кылууда жатат, - деди ал.

Орусия лидеринин минтип маселе көтөрүп жатканынын себеби бар дешет талдоочулар. Маселен, «Холокост» корунуну президенти Алла Гербер кечөө «Эхо Москвы» үналгысынан өзү башкарган уюмдун жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгын ачыкка чыгарды. Көрсө, азыркы тушта орусиялыктардын 70 пайызы ксенофобия же жалпак тил менен айтканда өлкөгө келип аткан өңү буруулардан коркушат экен.

Мындай маанай өзгөчө Беслан каргашасынан кийин күчөгөн экен. Ал туурасында көзкарандысыз талдоочу Дмитрий Шушарин минтет:

-Улутуна жана түсүнө карап киши өлтүрүү Бесландан кийин кескин көбөйдү. Ошол себептүү президент Путин 19-октябрда ксенофиянын пайда болушу - бул бийликтин кетирген катасынын жыйындысы деди.

Орусиянын баатыры, космонавт Магомет Толбоевге "мурунку айда скинхеддерден көргөн кордугуңузду айтып бербейсизби?" дегенибизде ал биздин сурообузга суроо менен жооп кайтарды:

-Эмне артык? Москвага грузиндер, азербайжандар, түркмөндөр, казактар, кыргыздар, украиндер, беларустардын келип-кетип турганы жакшыбы же алардын такыр келбей калганы артыкпы?

«Комсомольская правда» 18-октябрда «Бала бакчаларда орус түстүү балдар такыр жок болуп калды» деген ат менен макала жарыялады. Анда Москванын чеке-белиндеги чакан шаарлардагы абал талдоого алынат. Үч журналисттин колдору коюлуп жазылган ал макалада кең түздүү Орусиянын кайсы бир аймактарында бүтүндөй эле кавказдыктар менен ортоазиялыктар жашап жатканы айтылган.

Орусиянын федералдык миграция кызматынан алынган маалыматка ылайык 2004-жылдын алты эле айында КМШ мамлекеттеринен көчүп келгендердин эсеби 1 миллион 200 миң кишиге чукулдап барат.
XS
SM
MD
LG