Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:46

ГРУЗИЯНЫН КООМДУК ИШМЕРЛЕРИ СААКАШВИЛИНИ СЫНГА АЛЫШТЫ


Грузиянын президенти Михаил Саакашвилинин жергиликтүү бейөкмөт уюмдар менен мамилеси келишпей калган шекилдүү. Тбилисилик коомдук ишмерлер Саакашвили жеке бийлигин бекемдеп, ал максатта полициянын колу-бутун бош койгонун, алар өз кезегинде ырайымсыз ыкмаларды колдоно баштаганына көңүл бурушууда. Ушул аптада көз карандысыз уюмдардын 14 жетекчиси грузин президентинин наамына ачык кат жолдоп, коомчулук арасында сабырдуулук пастап, коркуу сезими жайылып баратканын билдиришти.

Эл аралык коомчулук Грузиянын президенти М.Саакашвилинин өлкөдө мыйзам үстөмдүгүн орнотуу, коррупцияны кыскартуу, аймактык биримдикти көздөгөн аракеттерин алдыга чыгарып жаткан чакта, жергиликтүү коомдун өкүлдөрү анын ички саясатын сындай баштады.

Ушул апта башында Грузиялык белгилүү 14 коомдук ишмер айрым эркин гезиттер жарыялаган ачык катында өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу терең тынчсыздануусун билдиришти. Ачык катка Тбилисилик көрүнүктүү юристтер, журналисттер, укук коргоочулар жана бейөкмөт уюмдардын жетекчилери кол коюшкан. Алардын бири - Ачык коом институтунун Тбилисидеги бөлүмүнүн аткаруучу директору Михаил Чачхунашвили мындай кадамга - грузин өкмөтүнүн коомдогу ар түркүн көз караш, пикирлерди угуп-урматтоо жөндөмүн жоготуп, атүгүл бардык оппоненттерди жек көрүү жагына ооп баратканы түрткү болгонун айтат.

- Кат жазууга себеп болгон башкы жагдай – биз демократиялык коомдо каршылаш тараптын пикири да урматталып, тийиштүү баасын алышы керек деп ойлойбуз. Эгерде азыркыдай кете берсе Грузиядагы демократиянын келечеги өтө чоң коркунучка кабылат. Биздин эл ойлонбой айтылган сөздөр, билдирүүлөрдүн аягы эмне менен бүтөөрүн баштан өткөргөн. Биз кооптондурчу маселелердин кесепетин күтүп отурбай, алар жөнүндө убагында ачык айткан оң деген пикирдебиз, - дейт Тбилисидеги Ачык коом институтунун жетекчиси.


Ал эскерткен опуртал сөздөр грузин президенти Михаил Саакашвилинин эл менен жолугушуулары маалында далай ирет айтылды. "Баркыт көтөрүлүшү" аркылуу бийликке келген жаш жетекчи оппоненттеринин дарегине "мамлекеттин душмандары", "чыккынчылар" же шектүү "5-колоннанын" мүчөлөрү деген жарлыктарды жаадырганды жакшы көрөт. Мисалга апрель айында Ажар республикасына барып жергиликтүү жетекчилерге кайрылып катуу эскерткен:

-Эгерде биз бирөөгө тизе бүгүп берсек, эч убакта бактылуу эл болбойбуз. Биздин ар-намысыбызды сепаратисттер, душмандар, алакандай аймактар тебелеп турса, кайдан бактылуу эл болобуз, -деген ал жолу Саакашвили.


Сынчылар грузин президентин тактыга отургузган Улуттук кыймыл ушу тапта өлкөдөгү бардык бардык бийлик бутактарын өз колуна топтоп, парламенттеги бир ууч оппозициячыл депутаттар өкмөттүн ишмердигин көзөмөлгө алууга кудуретсиз экенине нааразы.

Саакашвилинин наамына жазылган ачык катта дал ушундай кырдаалдан улам бейөкмөт уюмдар демилгени өз колуна алып жатканы белгиленген. Ага кол койгон авторлордун бири, мурдагы парламенттин мүчөсү, укук коргоочу Вахтанг Хмаладзе Грузияда азыр сөз эркиндиги катуу чектелгенине көңүл бурат:

- Шеварднадзени мен канчалык жаман көрсөм да, анын бийлиги тушунда чыныгы сөз эркиндиги сайран курганын моюнга алышым керек. Көз карандысыз маалымат каражаттары өкмөт тарапка кылчайбай иштей берчү. Азыр болсо бейрасмий, бирок абдан күчтүү цензура орнотулду. Редакциялар коркконунан бардыгын текшерип басууда. Элдин бийликтен коркуп жашаганы жакшылыкка алып келбейт. Андай коркунучту түйүлдүгүндө жок кылбасак - аягы өтө кооптуу болот. Азыр да кеч эмес.


Грузин президенти М.Саакашвили коомдук ишмерлердин ачык катынын изин суутпай, анын авторлору менен келерки шейшембиде жолугуп, бардык маселелерди талкуулоого даяр экенин билдирди. Ага удаа грузин өкмөтү абактардагы кыйноо, уруп-сабоо, адамдарды негизсиз камакка алууларды тыя турган атайын чаралар көрүлөрүн жарыялады.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG