Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

УКРАИНАДА ОППОЗИЦИЯНЫ КОЛДОГОН СЫНАЛГЫГА ЧАБУУЛ КҮЧӨДҮ


Төрөкул Дооров, Прага Ушул тапта Украинанын оппозициясы ырасмий бийликти “өлкөдөгү негизги сыналгы каналдарынын бирин жабуу аракетин көрүп жатат” деп айыптап жатат. Алардын ишениминде, сыналгы оппозициядан атсалышып жаткан талапкерге эфирдик убактысын бергени үчүн жапа тартып калышы мүмкүн.

Украинада 31-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого оппозиция тарабынан көрсөтүлүп жаткан негизги талапкер – Виктор Ющенко. Ал - “Биздин Украина” оппозициялык саясий блогунун лидери.

Юшенконун шайлоо алдындагы өнөктүгүн жакшы өңүттө чагылдырып жаткан өлкөдөгү негизги телевизиондук станция – "Бешинчи канал". Бул сыналгынын кожоюну Петро Порошенко – парламентте Ющенко жетектеген “Биздин Украина” блогунун депутаты. Анын үстүнө Порошенко - куржуну акчага толо чириген бай бизнесмендердин бири жана оппозицияга каржылык жактан колдоо көрсөтүп келатат.

Ал эми Ющенконун башкы атаандашы – азыркы бийлик тарабынан көрсөтүлгөн талапкер, өлкөнүн премьер-министри Виктор Янукович. Ал бир канча ирет "Бешинчи каналды" жаптыруу максатында сотко кайрылган. Каналдын лизензиясын тартып алуу аракетинде кылычын кайрады, бирок мунун баарынан майнап чыга элек.

Бул жолу Порошенкого “ушак таркаткан” деген жалаа тагылып жатат. Сот Порошенконун банктагы эсептерин жаап, "Бешинчи каналды" камсыздап турган акчасын алууга да тыйуу салып койду.

Сыналгыда иштегендер “ушак таркаткан” деген жалаа - каналды саясий кызыкчылыктар менен жабууга ойлоп табылган шылтоо гана деп эсептешет. Шаршембиде алар радиоберүүдө чыгып, өздөрүнүн бул кырдаал тууралуу ойлорун айтышты.

-Саламатсыздарбы, менин атым Роман Скрипин. "Бешинчи каналдын" жаңылыктар түрмөгүн уктурууну баштайбыз. Бүгүн кечки саат тогуздагы адаттагы берүүбүздүн ордуна бул каналдын эсептерин тоңдуруп, ага басым көрсөтүүнүн чоо-жайы тууралуу маалымат жыйынын өткөрүүнү туура көрдүк. Бул биздин каналдын сабырын сыноо үчүн көрсөтүлүп жаткан заардуу аракеттердин эң акыркысы болду. Акыркы жылы "Бешинчи каналдын" көрармандарынын саны беш эсеге өскөн, сыналгыга болгон ишеним артууда. Андыктан "Бешинчи каналды" жабууга көрүлүп жаткан аракеттер – Украинада шайлоого 10 күн калганда элди өлкөдөгү чыныгы жагдайдан алып качуу менен барабар.

“Юшенко ушак таркатты” деп сотко депутат Володимир Сивкович кайрылган эле. Ющенконун тарапкерлери ал ооруп калгандан кийин, аны ууктуруу аракети көрүлгөн деген жыйынтыкка келип, бул маселени изилдөөнү талап кылышкан эле. Сивкович мырза ошол маселени териштирген комитетке төрагалык кылат. "Бешинчи каналдын" кожоюну Порошенко болсо эми Сивковичти өкмөттүк талапкер Януковичтин заказын аткарып жатат деп айыптай баштады.

Ал эми сыналгынын өкүлү Роман Скрипин каналдын банктагы эсептерин кайра ачууну жана Сивкович каналды жабуу тууралуу аракеттери үчүн кечирим суроосун талап кылды. Негизи, бул телевизиондук станция бир канча айлардан бери эле лицензиясынын артынан түрдүү проблемаларды баштан кечирип келатканы белгилүү.

Украинада коом пикирин билүү үчүн жүрүп жаткан сурамжылоолор президенттикке талапкерлер Виктор Янукович менен Виктор Ющенко биринен аша бири алдыга чыгып, теңме-тең келе жаткандыгын көрсөтүүдө. Янукович тууралуу өлкөнүн көптөгөн телеканалдары жаман сөз айтууга барышпайт. Алар аны макташы гана мүмкүн. Ал эми Ющенконун өнөктүгүн чагылдырууга өтө эле аз убакыт бөлүшөт. Андыктан, эгерде аны колдогон жападан жалгыз компания жабылып калса, Ющенконун заманы такыр куурулганы ошол.

"Бешинчи каналдын" кабарчыларынын бири Юрий Стетскив ал жана анын айрым кесиптештери эч нерсеге карабай, акча төлөшпөсө да сөз эркиндиги үчүн күрөшүп иштөөнү каалай тургандыктарын айтты:

-Биз ансыз деле тоңдурулган эсептерибиз менен иштеп келатабыз. Алдыда эмне болоорун көрө жатарбыз. Бирок биз эч кандай абалда ишти токтотпойбуз. Эгер сиз бизди акча үчүн иштеп жатат деп ойлосоңуз, анда жаңыласыз. Биз азыр негизги баалуулук – сөз эркиндигин коргоо үчүн иштеп жатабыз.

Ошол эле учурда Януковичтин шайлоо штабын жетектеген Стефан Хавриш премьер-министр "Бешинчи каналды" жабуу аракетинен алыс экендигин айтат:

-Президенттик такка атсалышып жаткан премьер- министр Янукович аталган сыналгы каналын жабуу үчүн эч кандай аракет көргөн эмес.

Жума күнү телекомпания адаттагыдай эле иштеди. Бирок анын кызматкерлери сот өкүлдөрү келбейт деген ишеним жок экендигин айтышууда.

Сүрөттө: Виктор Ющенко.

XS
SM
MD
LG