Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Адам сатуунун күчөшү өлкөгө коркунуч туудурууда


БИШКЕК. Адам сатууга каршы күрөш багытында бардык башка чаралар менен бирге калкты маалымат менен камсыздоону күчөтүү керек. Адамды сатууга жана чет өлкөлөргө кишилерди мыйзамсыз алып кетүүгө каршы күрөш боюнча улуттук кеңеш жума күнү өткөргөн акыркы отурумунда ушундай тыянакка келди.

Отурумда белгиленген маалыматтарга караганда, акыркы төрт жыл ичинде адамдарды мыйзамсыз тышка ташуу жана сатуу фактылары көбөйүп, алардын географиялык алкагы кеңейип кетти. Бириккен Араб Эмираттарына, Түркияга, Индияга жана Түштүк Кореяга чыгарылган адамдардын көпчүлүгүн - алдоо жолу менен күңдүккө сатылган кыздар түзөт. Мындай жагдай Кыргызстанда ич келте, холера, СПИД илдетинин ВИЧ-инфекцияларын жугузуу коркунучун жаратууда.

XS
SM
MD
LG