Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Депутат Конституциялык сотко арыз бермей болду


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Токтокан Боромбаева аялдардын укугун коргоо жана теңдикти камсыз кылуу талабы менен Конституциялык сотко арыз жолдогону жатат. Бул тууралуу 23-октябрда депутат «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, арыз берүүгө Конституциянын 46- жана 60-беренесиндеги жоболор негиз болду. Анда аялдардын укугу басмырланып калган.

Атап айтканда, Кыргызстандын президентинин ыйгарым укуктары жөнүндөгү 46-беренеде Конституциялык жана Жогорку соттун төрагасын, анын орун басарларын жана Жогорку Кеңеш жөнүндөгү 60-беренеде парламент төрагасын, анын орун басарларын президент дайындайт деп жазылган жоболор Кыргызстанда бул орундарга аялдарды дайындабоого шарт түзөт.

Депутаттын айтымында, аялдардын укуктарын камсыздоо үчүн бул жоболордо төрагасы деген сөз менен кошо кашаанын ичинде төрайымы деп жазылышы керек. "Мындай түзөтүүнү Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын негизинде ишке ашыруу зарыл", дейт депутат.

XS
SM
MD
LG