Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Дин иштери боюнча комиссиянын башчысы алмашты


БИШКЕК. Премьер-министр Николай Танаевдин буйругуна ылайык өкмөттүн алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп Өскөн Осмонов дайындалды. Өскөн Осмонов Скрябин атындагы агрардык академияга караштуу Чынгыз Айтматов атындагы социалдык-гуманитардык изилдөөлөр институтунун директору болуп иштеп келген. Тарых илимдеринин доктору.

Дин иштери боюнча комиссиянын мурдагы жетекчиси Өмүрзак Мамаюсуповдун айтымында, бул алмашуу иштин кызыкчылыгында жасалды жана анын артында талаш-тартыштуу маселе жок.

Белгилеп койчу жагы Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү ислам динин тутат. Мындан тышкары православ, католик жана будда диндерине сыйынуучулар үчүн 48 чиркөө кызмат кылат. Мындан тышкары протестанттык багытта иш алып барган 250дөн ашык агым каттоодо турат. Мусулман мечиттеринин саны 1600дөй.

XS
SM
MD
LG