Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:39

Быйылкы мунапыстан Түркмөнстанда 9000 адам абактан бошотулат


Рамазан айынын аягында - 9-ноябрда Түркмөнстанда тогуз миңге жакын адам өлкө абактарынан бошотулаары күтүлүүдө. Президент Сапармурад Ниязов ар жыл сайын Орозо-айт күнү мунапыс жарыялайт. Быйыл абактан бошой тургандардын арасында 150 чет өлкөлүк жаран бар - алар Армения, Кыргызстан, Молдова, Өзбекстан жана Тажикстандан келгендер. Бул тууралуу Ниязов өзү бүгүн башталган парламент сессиясында жарыялады. Анын айтымында, 1-январдан тартып өлкөдөгү айлыктар менен пенсиялар 50 пайызга жогорулайт.

XS
SM
MD
LG